Шайлообек Атазов айланма жолду көмүр сатуудан бошотуну талап кылды
![Шайлообек Атазов айланма жолду көмүр сатуудан бошотуну талап кылды](/content/images/size/w1200/2023/09/1050260294_1_0_2913_1638_1920x0_80_0_0_755b9af097717c01a4c0a1900d420cf4.jpg)
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Транспорт министрлигинен «Дордойдун» жанындагы айланма жолду соода түйүндөрүнөн тазалоону талап кылууда. Бул тууралуу «Мекенчил» парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, ага «Ак-Бата» жана «Эне-Сай» аймактарынын жашоочуларынан көп арыздар түшүүдө.
«Дордой» базары аркылуу өтүп, Ысык-Көлгө кетүүчү трасса Транспорт министрлигинин жолубу же көмүр, таш базары болуп калдыбы? Жолду качан тазалайсыз? – деп сурады Атазов.
Министр Тилек Текебаевдин айтымында, 200 соода объектине тиешелүү көрсөтмөлөр берилди. Азыр ведомство аларды алып салууга уруксат берүүчү документтерди күтүп жатат.