Бишкекте 15 батирлүү көйгөйлүү үй мыйзамдаштырылды

Бишкекте 15 батирлүү көйгөйлүү үй мыйзамдаштырылды

Бишкекте көйгөйлүү көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча системалуу иштер уланууда. Бул алкакта Миң-Куш көчөсү 21 дарегиндеги 15 батирлүү үйдүн маселеси чечилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Маалымдалгандай, 8-октябрда министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаров жана Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мирлан Шайымкулов тургундар менен жолугуп, объектини пайдаланууга берүү боюнча шайкештик актысын тапшырды.

Департамент башчысы тургундарды куттуктап, иштер президенттин тапшырмасына ылайык көйгөйлүү курулуштарды жөнгө салуу жана жарандардын укугун камсыз кылуу максатында жүрүп жатканын белгиледи.

Аталган үйдү Тилекпаев И.Б. жана Мирланов Т.М. куруп баштаган. Курулуш өз убагында бүтпөй калгандыктан, жашоочулар батирлерин каттай албай, документ алууда кыйынчылыктарга туш болуп келген.

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика министрлиги 252 жаңы трансформатор орнотот

Энергетика министрлиги 252 жаңы трансформатор орнотот

Энергетика министрлиги 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык алкагында өлкөнүн электр тармактарын жаңылоодо. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 6-10/0,4 кВ чыңалуудагы 252 жаңы күч трансформатору орнотулат. Жабдуулардын баары "Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору менен жеткирилген. Орнотуу иштерин "Кыргызстан

Ишкер Media
Түштүккө 10 миң тонна жер семирткич социалдык баада берилет

Түштүккө 10 миң тонна жер семирткич социалдык баада берилет

Айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгында "Кыргыз Агрохолдинг" ААКтын Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жыйында фермерлерди колдоо, мал чарбасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо маселелери талкууланды. Кеңеш түштүк аймактарга 10 миң тонна минералдык

Ишкер Media
Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин жыйынына катышууда

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин жыйынына катышууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чаранын алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Жапаровду тосуп алды. Лидерлер саламдашып, биргелешип сүрөткө түштү. Сүрөткө түшүү аземинде Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян,

Ишкер Media
Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөндөйт. Буга өлкөдөгү кант заводдорунун өндүрүш көлөмү ички керектөөдөн жогору экени себеп болот. Бул тууралуу Кумшекер кластеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү эки кант заводу ай сайын 20–25 миң тонна кумшекер өндүрөт. Ал эми ички керектөө айына болжол менен 8 миң

Ишкер Media