Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин жыйынына катышууда

Садыр Жапаров КМШ лидерлеринин жыйынына катышууда

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Түркмөнстандын Аваза шаарында өтүп жаткан КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чаранын алдында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов президент Жапаровду тосуп алды. Лидерлер саламдашып, биргелешип сүрөткө түштү.

Сүрөткө түшүү аземинде Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусия Президенти Владимир Путин, Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев жана Иран Президенти Масуд Пезешкиан да катышты.

Расмий сүрөттөн кийин делегация башчылары тар курамдагы жолугушууга өтүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Түштүккө 10 миң тонна жер семирткич социалдык баада берилет

Түштүккө 10 миң тонна жер семирткич социалдык баада берилет

Айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгында "Кыргыз Агрохолдинг" ААКтын Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жыйында фермерлерди колдоо, мал чарбасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо маселелери талкууланды. Кеңеш түштүк аймактарга 10 миң тонна минералдык

Ишкер Media
Бишкекте 15 батирлүү көйгөйлүү үй мыйзамдаштырылды

Бишкекте 15 батирлүү көйгөйлүү үй мыйзамдаштырылды

Бишкекте көйгөйлүү көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча системалуу иштер уланууда. Бул алкакта Миң-Куш көчөсү 21 дарегиндеги 15 батирлүү үйдүн маселеси чечилди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, 8-октябрда министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаров жана Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мирлан Шайымкулов тургундар менен жолугуп,

Ишкер Media
Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөн болот

Кыргызстанда кумшекердин баасы октябрдан декабрга чейин төмөндөйт. Буга өлкөдөгү кант заводдорунун өндүрүш көлөмү ички керектөөдөн жогору экени себеп болот. Бул тууралуу Кумшекер кластеринин башчысы Алмаз Алтыбаев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү эки кант заводу ай сайын 20–25 миң тонна кумшекер өндүрөт. Ал эми ички керектөө айына болжол менен 8 миң

Ишкер Media
Партадан башталган стартап

Партадан башталган стартап

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду - “Партадан башталган стартап” атту сынакты уюштурууда. Сынакка билдирүүлөрдү кабыл алуу 2026- жылдын 2- ноябрына чейин созулат. Билдирүүгө караганда, сынак мектепте же колледжде окуп, өз бизнес-идеясын ишке ашырууну кыялданган жаштарга арналат. Сынактын максаты: ·       Мектеп окуучуларынын, орто кесиптик билим

Ишкер Media