Түштүккө 10 миң тонна жер семирткич социалдык баада берилет
Айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгында "Кыргыз Агрохолдинг" ААКтын Координациялык кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыйында фермерлерди колдоо, мал чарбасын өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо маселелери талкууланды.
Кеңеш түштүк аймактарга 10 миң тонна минералдык жер семирткичти социалдык баада жеткирүү боюнча пилоттук долбоорду жактырды. Долбоордун наркы - 394,3 млн сом.
Ошондой эле Чүй облусунда эт кластерин түзүү долбоору колдоого алынды. Анын алкагында 2027-жылы 10 миң баш малды бордоп семиртүү пландалууда.
Мындан тышкары:
• фермерлерди асыл тукум кунаажындар менен камсыздоо жана 3% менен насыя берүү;
• "Мал-Аман" жана "Асыл тукум" борборлорун түзүү. Алгач "Мал-Аманга" 1500гө жакын ветеринар бириктирилип, айлык маяна төлөнөт. Алар эмдөө, кан үлгүсүн алуу сыяктуу мамлекеттик иштерди аткарып, акы төлөнүүчү кызмат да көрсөтөт;
• кытайлык өнөктөштөр менен "Агрокомпа" биргелешкен ишканасын түзүү.
Жыйында 23-25-октябрда Бишкекте өтө турган "АгроТехЭкспо-2026" көргөзмөсүнө жана "Алтын күз" жарманкесине даярдык да талкууланды.