Кыргызстан менен Латвия эл аралык автомобилдик ташуулар маселелерин талкуулашты

Кыргызстан менен Латвия эл аралык автомобилдик ташуулар маселелерин талкуулашты

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү Латвиянын Байланыш министрлиги менен автотранспорт маселелери талкуулашты. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, 1997-жылдын 11-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Эл аралык автомобилдик байланыш жөнүндө КРнын өкмөтү менен Латвиянын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун алкагында эл аралык автомобилдик ташуулар маселелери боюнча эки өлкөнүн аралаш комиссиясынын отуруму болуп өттү.

Отурумда тараптар Кыргыз Республикасы менен Латвия Республикасынын ортосунда 2022-жылдын жана 2023-жылдын 8 айынын аралыгында автомобиль транспорту менен эл аралык жүк ташуулардын абалы жана өнүгүүсү тууралуу маалымат алмашышты.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар 2022-2023-жылдар аралыгында эки тараптуу жана транзиттик багытта, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө карай жүк ташууга уруксат бланктарын колдонуу менен эки өлкөнүн ортосунда автомобиль транспорту менен жүк ташуулардын көлөмү жогорулагандыгын белгилешти.

Кыргыз тарап эки тараптуу жана транзиттик багытта жүк ташуунун өсүшүн эске алуу менен аралаш комиссиянын кароосуна «Кыргыз Республикасы менен Латвия Республикасынын ортосунда автомобиль транспорту менен эки тараптуу жана транзиттик жүк ташууга уруксат берүү системасын жокко чыгаруу жөнүндө колдонуудагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жүктөрдү эки тараптуу жана транзиттик ташууларды либералдаштыруу жөнүндө Протоколдун» долбоорун киргизди.

Сүйлөшүүлөр жылуу маанайда, конструктивдүү жагдайда жыйынтыкталды. Тараптар автомобилдик ташуулар жаатындагы эки тараптуу маселелерди бетме-бет жана онлайн форматта талкуулоону, ошондой эле 2024-жылы Кыргызстан-Латвия аралаш комиссиясынын кезектеги жыйынын Латвия Республикасында өткөрүүнү макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын