Оштун жылуулук электр борбору гидравликалык сыноону жүргүзүүдө

Оштун жылуулук электр борбору гидравликалык сыноону жүргүзүүдө

Ош Жылуулук электр борбору 2023-жылдын, 25-сентябрынан 30-сентябрына чейин магистралдык жана ички кварталдык жылуулук тармактарында суу түтүкчөлөрүнүн жана бекиткичтердин механикалык бекемдигин текшерип, бузулган жерлерди аныктоо үчүн гидравликалык сыноо жүргүзөт. Бул тууралуу Оштун мэриясы билдирди.

Жылуулук энергиясын пайдаланган бардык керектөөчүлөр жылытуу системасындагы түтүктөр туташкан жерлердеги жана элеватордук түйүндөрдөгү бекиткичтерди жабуулары зарыл.

Гидравликалык сыноо жана жууп-тазалоо 4 этапта жүргүзүлөт:

  1. - этап: (25 - сентябрдан  26-сентябрга чейин) Курманжан-Датка, Ленин, Г.Айтиев, Амир-Темур, Супаналиев, Алиев,  

Абдыкадыров көчөлөрү.

  1. - этап: (26-сентябрдан,  27- сентябрга чейин) А.Масалиев,  

Ж.Раимбеков, Кара-Суу, Өзгөн, Ы.Монуев, Ашимахунов, А.Навои, А. Шакиров, Ош көчөлөрүндө (облустук аскер  

комиссариятынан  Ош районуна чейин).

3- этап: (27- сентябрдан  28- сентябрга чейин )  М-3 Ø700мм  

Автотрестке чейин, У.Салиева, И.Раззаков, Касымбеков, Жим,  

Тынчтык (Мир), Жаңы-Чек көчөлөрү (Ош районунан жылуулук электр борборуна чейин).

  1. - этап: (29- сентябрдан  30- сентябрга чейин)  Ички иштер  

башкармалыгынын (ИИБ)  поликлиникасы, Медициналык факультет, «Ошэлектро»  ААК, Ош райондук электр тармактары (Ош РЭС), юридикалык академия, «Барчын» профилактикалык санаториясы, «Мир семьи» поликлиникасы,  М-2 Ø500мм.

Ош Жылуулук электр борбору бардык керектөөчүлөрдү суу бекиткичтерди өз убагында жабууну, мүмкүн болушунча жогоруда көрсөтүлгөн күндөрү үйдө болууну, жумушта болгондор жакындарына дайындап, батирлерин көзөмөлсүз калтырбоону суранат.

Эскертүү:

Авариялык учурга Ош ЖЭБи ишканасы жооп бербейт.

Байланыш телефондору: 8-52-89,  8-52-52, (0556 085 252).

Мындан тышкары окуңуз

Чүй электр тармактар ишканасы 5 жаңы атайын техника менен камсыз болду

Чүй электр тармактар ишканасы 5 жаңы атайын техника менен камсыз болду

Чүй электр тармактар ишканасында энергетиктерге 5 жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.  Маалыматка ылайык, тармакты жаңылоо жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо программасынын алкагында ишкананын автопаркы жаңы атайын техникалар менен толукталды. Анын ичинде 25 метрлик FAW TIGER автокөтөргүчү жана SHANMON 388 экскаватор-жүктөгүчү механизация жана автотранспорт кызматына берилди. Курулуш-

“Элкарт Мобайл” аркылуу QR-код менен эми Кытайда төлөм жүргүзсө болот

“Элкарт Мобайл” аркылуу QR-код менен эми Кытайда төлөм жүргүзсө болот

Кыргызстандын улуттук төлөм системасы жаңы эл аралык кызматты ишке киргизди. Эми «Элкарт Мобайл» тиркемесинин колдонуучулары Кытайда Alipay+ аркылуу төлөөнү ишке ашыра алышат. Аны үчүн  кыргызстандыктар Кытайда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн QR-код менен төлөшү керек. “БАПБ” ЖАК (Элкарт) маалыматын караганда, төлөмдү ишке ашыруу үчүн “Элкарт Мобайл” тиркемесин жаңылап, “Сервистер”

Улуттук банк эки төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салды

Улуттук банк эки төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салды

КРнын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, өлкө мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарында иш алып барган эки төлөм уюмуна айып пул салынды. Маалыматка ылайык, көзөмөл жана жөнгө салуу иштеринин алкагында аныкталган мыйзам бузуулар үчүн бул төлөм уюмдарына жалпы суммасы 220 миң сом өлчөмүндө

“Кыргыз спутниктин” аты “Кыргыз асман” деп өзгөртүлдү

“Кыргыз спутниктин” аты “Кыргыз асман” деп өзгөртүлдү

Министрлер Кабинети “Кыргыз спутник” ачык акционердик коомунун аталышын өзгөртүп, аны “Кыргыз асман” деп атоо чечимин кабыл алды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, компания 2026-жылдын февраль айында түзүлүп, Кыргызстандагы космостук технологияларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик оператор катары иш алып баруусу пландалган.  Анын негизги милдеттерине спутниктик сүрөттөрдү иштетүү, айыл чарба