Ошто экологияны бузган арматура чыгаруучу завод аныкталды

Ошто экологияны бузган арматура чыгаруучу завод аныкталды

Ош шаарындагы «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан арматура чыгаруучу заводдордон чыккан түтүн абаны булгап, экологиялык коопсуздук сакталбай жатат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Мындан улам, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов КРнын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ош регионалдык башкармалыгына, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна экологиялык коопсуздукту сактоо жана көзөмөлдөө боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Токтогул суу сактагычынын Кодул тилкесинде мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу боюнча кезектеги түнкү рейддик иш-чара жүргүздү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка таянсак, рейддин жүрүшүндө балык кармоо үчүн тыюу салынган кытай үлгүсүндөгү синтетикалык торлорду жайып жаткан жеринен эки жаран кармалды. Аталган жарандарга карата административдик чара

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары аяктады

Президенти Садыр Жапаровдун 28-29-майда Астана шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин делегация башчылары, байкоочулар жана ардактуу коноктор менен бирге V Евразия экономикалык форумунун ишине катышты. Мамлекет башчысы форумда сөз сүйлөп, жасалма

ШКУга мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын төрагалары жолугушту

ШКУга мүчө мамлекеттердин борбордук банктарынын төрагалары жолугушту

29-майда Бишкек шаарында КРнын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин финансы министрлеринин жана борбордук банктарынын төрагаларынын жолугушуусу болуп өттү.  Улуттук банктын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар эл аралык финансы системасын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин, ШКУнун алкагында финансылык кызматташтыкты мындан ары чыңдоону, акча-кредит саясатынын маселелерин талкуулашты. Ошондой эле

Кыргызстанда зергерчилик тармагын колдоо чаралары кеңейтилди

Кыргызстанда зергерчилик тармагын колдоо чаралары кеңейтилди

Мамлекеттик салык кызматы зергерчилик тармагындагы ишкерлерге мамлекеттик колдоо боюнча чаралар кабыл алынгандыгын маалымдады. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесинин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө” КРнын Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому 2026-жылдын 25-майында кабыл алынган. Документке ылайык, зергерчилик өндүрүшүнө арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым