Ысык-Көлгө сазандын 90 миңден ашык чабагы кое берилди

Ысык-Көлгө сазандын 90 миңден ашык чабагы кое берилди

Ысык-Көлгө сазан балыгынын 90 миңден ашык чабагы кое берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, чабактар Балык чарба департаменти тарабынан Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен биргеликте кое берилди.

Чабактардын орточо салмагы 7-8 граммга жеткен чабактар Тоң балык заводунун, «Караколбалыгы» ЖЧКсынын жана «Ысык-Көл плюс» балык өстүрүү кооперативинин көлмөлөрүндө өстүрүлгөн.

«Чабактар Тоң районунун Тоң дарыясына, Жети-Өгүз районундагы Ысык-Көл көлүнүн «Тынч булуң» тилкесинде, Кызыл-Суу айылындагы пристандарда, Каракол шаарындагы пристандарда жана Түп районундагы Кутургу булуңунда жүргүзүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Сазан балыктарынын чабактарын кое берүү (балыктандыруу) көп жылдардан бери биринчи жолу жүргүзүлдү. Өткөн жылдары Ысык-Көлдүн балык уулоочу аймактары балыктын личинкасы менен балыктандырылган. Кое берилген чабактардын жалпы саны 90 миңден ашык.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

ӨКМ: 10-12-май күндөрү сел жүрүү коркунучу бар

10-майдан 12-майга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Айрыкча тоолуу жана тоо

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бишкекте Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө

Бүгүн Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өтүүдө. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, Өчпөс отко гүлчамбар койду. Ошондой эле мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерип, алардын элесине таазим кылды. Өлкө башчы согуштун жана ооруктун ардагерлерин, ошондой эле жалпы кыргызстандыктарды 9-Май

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Ошто №4 мектеп-гимназиясына кошумча окуу имараты курулат

Күн мурун Ош шаарындагы №4 С.М. Киров атындагы мектеп-гимназиясы үчүн 200 орундуу кошумча окуу имаратынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Мэриядан билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин депутаттары, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мугалимдер жана ата-энелер катышты. Жаңы окуу корпусу окуучулар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө жана

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 1700 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Бүгүн суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.