Эртең Боомдо таш кулатуу иштери жүргүзүлөт – эскертүү

Эртең Боомдо таш кулатуу иштери жүргүзүлөт – эскертүү

2023-жылдын 17-октябрдан 20-октябрга чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3886-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" МИ билдирди.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери ЖКККББ инспекциясынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге багытталат.

Иш-чара Бишкек – Нарын – Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Аскер кызматкеринин жаагын сындырган чек арачы камакка алынды

Аскер кызматкеринин жаагын сындырган чек арачы камакка алынды

9-июлда саат 15:00 чамасында, Чек ара кызматынын 2051 аскер бөлүгүнүн контрактык негизиндеги аскер кызматкери сержант С. у Э., аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу менен, Баткен облусунун Лейлек районунун “Үч-Котон” тилкесинде инженердик жабдуу иштерин аткарып жатып, өз ара келишпестиктен улам 2057 аскер бөлүгүнүн аскер

Мэрия төрт жумадан кийин гана жооп берди, бирок негизги суроо жоопсуз калды

Мэрия төрт жумадан кийин гана жооп берди, бирок негизги суроо жоопсуз калды

“Ишкер медиа” басылмасы 2026-жылдын 22-июнунда Бишкек шаардык мэриясына муниципалдык коомдук транспортто накталай төлөмдөн баш тартуу боюнча расмий суроо-талап жөнөткөн. Бирок жооп редакцияга 13-июлда гана берилди. Мыйзам боюнча мамлекеттик органдар жарандардын суроолоруна 14 иш күнүндө жооп бериш керек болсо, иш жүзүндө шаар башкармалыгы маселени 20 жумуш күнү

Ноокатта буудай гектарынан 32,2 центнерден түшүм берүүдө

Ноокатта буудай гектарынан 32,2 центнерден түшүм берүүдө

Ош облусунун Ноокат районунда кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери уланууда. Учурда 1 700 гектар аянттан түшүм жыйналып, буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 32,2 центнерди түздү. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 1 700 гектар аянттагы дан эгиндери жыйналды. Орточо түшүмдүүлүк буудай боюнча 32,2 центнерди, ал эми

Канаттууларды тор менен кармаган чет элдик жаранга 20 миң сом айып салынды

Канаттууларды тор менен кармаган чет элдик жаранга 20 миң сом айып салынды

Социалдык тармактарда канаттууларды тор менен кармап жаткан видео тарагандан кийин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы текшерүү жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, мыйзам бузууга шектелген чет элдик жаран кармалып, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык чет элдик жаранга 20