Жумгалда жети жылдан бери курулуп жаткан мектеп ачылат

Жумгалда жети жылдан бери курулуп жаткан мектеп ачылат

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы 225 орундуу мектепте курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуштун директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын айтымында, куруу 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бүгүнкү күндө билим уясынын курулуш-монтаждоо иштери жана спорт зал корпусу толук бүткөрүлдү.

Ал эми мектептин айланасын жашылдандыруу жумуштары дээрлик аяктап калды.

Ушул жылдын 16-октябрында мектеп окуучуларга пайдаланууга тапшырылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Сууда 12 айылды камтыган таза суу тутуму ишке берилди

Кара-Сууда 12 айылды камтыган таза суу тутуму ишке берилди

18-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы «Отуз-Адыр» чакан долбоорунун негизинде ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун пайдаланууга берүү аземине катышты. Долбоор Отуз-Адыр жана Савай-Арык айыл аймактарындагы 12 калктуу конушту камтып, жалпы 30 миңге жакын тургунду сапаттуу

Трансформатор оңдоочу ишкана текшерилип, айып пул салынды

Трансформатор оңдоочу ишкана текшерилип, айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилерине туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кочкор айылындагы трансформатор оңдоочу цехтин курулушунда мыйзам бузуу фактылары катталды. Тактап айтканда,

Энергетика тармагындагы технологиялардын көргөзмөсү өтүүдө

Энергетика тармагындагы технологиялардын көргөзмөсү өтүүдө

18-июнда Бишкек шаарында Энергетика министрлигинин демилгеси менен уюштурулган энергетика тармагындагы технологиялардын, жабдуулардын жана инфраструктуралык чечимдердин биринчи эл аралык көргөзмөсү – Energy Expo Kyrgyzstan – ШКУ 2026 өз ишин расмий түрдө баштады. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чараны Энергетика министри Алтынбек Рысбеков ачып, көргөзмө Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы Шанхай кызматташтык уюмуна

Киреше салыгын жеңилдетүү демилгеси коомдук талкууга чыкты

Киреше салыгын жеңилдетүү демилгеси коомдук талкууга чыкты

"Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салыктык чегерүүлөрдүн суммасын эсептөө механизмдерине байланышкан акыркы өзгөртүүлөр 2001-жылдын декабрь айында киргизилген. Ошондон бери 25 жыл аралыгында бул ченемдер өзгөртүлгөн эмес. Бул мезгил ичинде өлкөдө орточо эмгек