Энергетика тармагындагы технологиялардын көргөзмөсү өтүүдө

Энергетика тармагындагы технологиялардын көргөзмөсү өтүүдө

18-июнда Бишкек шаарында Энергетика министрлигинин демилгеси менен уюштурулган энергетика тармагындагы технологиялардын, жабдуулардын жана инфраструктуралык чечимдердин биринчи эл аралык көргөзмөсү – Energy Expo Kyrgyzstan – ШКУ 2026 өз ишин расмий түрдө баштады.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чараны Энергетика министри Алтынбек Рысбеков ачып, көргөзмө Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү аянтча экенин белгиледи.

Energy Expo Kyrgyzstan – ШКУ 2026 Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында өткөрүлүп, ШКУга мүчө мамлекеттердин Энергетика министрлеринин кеңешмесине арналган.

Көргөзмө энергетика тармагындагы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, эл аралык уюмдарды, ири энергетикалык компанияларды, инвесторлорду, долбоорлоочу жана өндүрүштүк уюмдарды бир аянтчага чогултуп, тармактагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну көздөйт.

Быйылкы көргөзмөгө Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Беларусь, Түркия жана Вьетнам мамлекеттеринен 40тан ашуун компания катышып, энергетика тармагындагы акыркы технологияларын, жабдууларын жана инновациялык чечимдерин сунуштоодо.

Экспозиция күн энергетикасын, кайра жаралуучу энергия булактарын, гидроэнергетиканы, энергетикалык жабдууларды жана электротехниканы, энергетикалык объектилерди куруу жана долбоорлоону, гидротурбиналарды, генераторлорду, трансформаторлорду, газды ташуу жана бөлүштүрүү технологияларын, көмүр кендерин өздөштүрүүнү, өндүрүштүк жабдууларды жана атомдук энергетиканы камтыйт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media