Нурланбек Шакиев Жумгалда жаңы мектептин ачылышына катышты

Нурланбек Шакиев Жумгалда жаңы мектептин ачылышына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Жумгал районуна барып, Кызыл-Жылдыз айылына курулган К.Акиев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу парламент билдирди.

Мамлекетте жасалып жаткан иштерге токтолгон Нурланбек Шакиев: “Акыркы үч жылда мамлекеттин казынасы үч эсе өсүп, бардык тармактарда ийгиликтер болууда. Айрыкча билим берүү жаатында көп жумуштар жасалып, жаңы мектептер, бала бакчалар курулуп, агартуучулардын айлык маянасы жогорулатылды. Бул албетте чек эмес. Мындан ары да көптөгөн иштер жасалып, ири долбоорлор ишке ашырылат”, – деди.

Муну менен катар кийинки жылдын бюджети 657 млрд сом болорун айткан төрага: “Мурда дефицит менен эсептелген бюджет, жылдан-жылга профицит менен бекитиле баштайт. Бул салык саясатын туура жүргүзүүнүн, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруунун жана коррупцияга каршы күрөштүн күчөтүлгөндүгүнүн натыйжасы десек жаңылышпайбыз”,– деп кошумчалады.

Төрага мектепти жаңылоо жана заманбап жабдуулар менен камсыздоо ишин тиешелүү жетекчилерге табыштап, окуучулардын татыктуу таалим-тарбия алуусуна керектүү шарттарды түзүү башкы маселе экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Жоктон барды кылдык... Казармандык мугалим кантип конок үйүн иштетип калды?

Жоктон барды кылдык... Казармандык мугалим кантип конок үйүн иштетип калды?

Биздин каарман Бактыгүл Чоробаева алыскы Казарманда жашайт. Ал өзү жашаган үйүнүн эки бөлмөсүн конок бөлмө кылып, ишкерликти баштаган. Келген туристке меймандос, жылуу мамилени көрсөтө билген Бактыгүл учурда жайлуу чакан Guesthouse Baktygul мейманканасынын ээси. Учурда экинчи мейманканасын куруп жатат. Ошол эле учурда мектепте балдарга англис тилинен сабак берет. Кыргызстанда мындан 20

Ишкер Media
Газ үчүн төлөмдү өз убагында төлөө маанилүү

Газ үчүн төлөмдү өз убагында төлөө маанилүү

Суук түшүп, жылытуу мезгили башталар алдында “Газпром Кыргызстан” компаниясы абоненттерди өз балансын текшерип, көгүлтүр отун үчүн болгон карызын төлөөгө чакырды. Аталган мекеменин билдирүүсүнө караганда, керектелген газдын акысы эсептик айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен төлөнүшү керек. Карыз толук жабылгандан кийин газды кайра кошуу үч жумушчу күнгө чейин созулушу мүмкүн. Анын үстүнө

Ишкер Media
“Клиникалык оорукана” мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракеси белгиленди

“Клиникалык оорукана” мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракеси белгиленди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Клиникалык оорукана» мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Жамаатты жана мекеменин ардагерлерин ушул маанилүү датасы менен куттуктап жатып, ал оорукананын улуттук саламаттык сактоо системасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгилеп өттү. “Ондогон жылдыктар бою Клиникалык оорукана өлкөбүздүн

Ишкер Media
БА мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчылары жолугушту

БА мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчылары жолугушту

Президент Садыр Жапаров БА мамлекеттеринин жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында мамлекет башчыларын тосуп алуу аземине катышты. Бүгүн Түркмөнбашы шаарында, Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун тосуп алуу аземи болуп өттү. Билдирүүгө караганда, жыйынга ошондой

Ишкер Media