Таш-Көмүрдө нандын баасына мониторинг жүрүп жатат

Таш-Көмүрдө нандын баасына мониторинг жүрүп жатат

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Таш-Көмүрд 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан жана нан азыктарынын бааларына мониторинг жүргүдү.

Мекеменин маалыматына ылайык, мониторинг учурунда Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан 4 наабайканада нандын баасы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы наабайканаларда, 290гр тандыр наны дүң баада 24 сомдон, же белгиленген максималдуу баадан 1 даанасы 2-2.5 сомго чейин арзан, ал эми 450 гр бөлкө наны дүң баада 29 сомдон сатылып жатат. Себеби бөлкө нан Шамалды-Сай шаарчасынан ташылат.

Ал эми соода түйүндөрүндө жана борбордук базарда чекене баасы 32 сомдон сатылып жатат. Сатуучуларга нандын баасын төмөндөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Нандын баасынан сырткары Таш-Көмүр шаарындагы ун, көмүр, эт жана социалдык маанилүү товарларды сатуучуларга бааны негизсиз жогорулатпоо боюнча эскертилди.

Мындан тышкары окуңуз

Көпчүлүк билбеген кесип: Бишкектеги энерджайзердин бир күнү кандай өтөт?

Көпчүлүк билбеген кесип: Бишкектеги энерджайзердин бир күнү кандай өтөт?

Бишкектин көчөлөрүндө электросамокаттарды минип шашып бараткан адамдарды күн сайын көрөбүз. Бирок ошол самокаттар дайыма кубатталып, колдонууга даяр турушу үчүн кимдер эмгектенип жатканын көпчүлүк биле бербейт. 20 жаштагы Денис 2,5 жылдан бери энерджайзер болуп иштейт. Анын жумушу – шаар боюнча самокаттардын аккумуляторлорун алмаштырып, кубаттап, алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо. Ал бизге энерджайзердин

Ошто дагы бир көчө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Ошто дагы бир көчө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

15-июнда Ош шаарында Абакир уулу Төрөбек көчөсү салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, шаардык мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, калаа башчысы аталган көчөдө жайгашкан

Жер казынасын пайдалануу боюнча 836 мыйзам бузуу аныкталды

Жер казынасын пайдалануу боюнча 836 мыйзам бузуу аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мурда берилген бардык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды жана лицензиялык келишимдердин аткарылышын текшерди. Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө жер казынасын пайдаланууга берилген лицензиялардын саны 2 миңге жакын. Текшерүүнүн жыйынтыгында лицензиялардын жана лицензиялык келишимдердин шарттары бузулган 836 учур аныкталды. Мыйзам бузууларды жоюу жана тармакта

Республика боюнча 426 чакырым жол оңдолду

Республика боюнча 426 чакырым жол оңдолду

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги өлкө аймагындагы стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдорду оңдоо жана куруу иштерин күчөтүлгөн тартипте улантууда.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, бүгүнкү күнгө карата республика боюнча жалпы 426 чакырым автожол толугу менен асфальтталды.     Бул жылдын көрсөткүчү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 234 чакырымга көп. Белгилей кетсек,