Жер казынасын пайдалануу боюнча 836 мыйзам бузуу аныкталды

Жер казынасын пайдалануу боюнча 836 мыйзам бузуу аныкталды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мурда берилген бардык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды жана лицензиялык келишимдердин аткарылышын текшерди.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө жер казынасын пайдаланууга берилген лицензиялардын саны 2 миңге жакын. Текшерүүнүн жыйынтыгында лицензиялардын жана лицензиялык келишимдердин шарттары бузулган 836 учур аныкталды.

Мыйзам бузууларды жоюу жана тармакта тартип орнотуу максатында көрүлгөн чаралардын алкагында 600гө жакын лицензиянын аракети убактылуу токтотулуп, айрым лицензиялар толугу менен жокко чыгарылды.

Эң көп кездешкен мыйзам бузууларды калыбына келтирүү эсептери жана алардын реквизиттери тууралуу маалыматтардын берилбегени, бонустарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылбаганы, лицензиялардын мөөнөтүнүн өтүп кетиши, ошондой эле башка милдеттүү лицензиялык талаптардын сакталбаганы кирет.

Кыргыз геология кызматына жер казынасын пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу жана аныкталган ар бир мыйзам бузуу фактысы боюнча тиешелүү чараларды көрүү иштерин улантуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Баткендин Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда

Ичүүчү суу менен камсыздоо департаменти тарабынан Баткен облусунун Чек айылында жаңы ичүүчү суу системасы курулууда. Долбоор аяктаса, 5 миңден ашуун тургун таза жана коопсуз суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Айыл чаба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор "Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу" программасынын алкагында ишке ашууда. Учурдагы

Ишкер Media
Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бишкекте 5 автобус каттамы убактылуу өзгөрөт

Бүгүндөн тарта Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу транспорт кыймылы чектелет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Билдрирүүгө караганда, ага байланыштуу №6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу жүрүп, №4 шаардык ооруканага кирбей өтөт. Ошондой эле №23 жана 18-автобустардын схемасы өзгөрөт. Борбор калаанын мэриясы шаар

Ишкер Media
ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети Токтогул ГЭСин куруудагы компенсацияны көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты курууда келтирилген зыян үчүн компенсациянын көлөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Парламенттин маалыматына караганда, аталган мыйзам долбоорун ЖКнын Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 20-октябрдагы жыйынында карап,

Ишкер Media
Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Жоокерлерди үйүнүн курулушуна иштеткен командир кармалды

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн командири кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт. Маалым болгондой, УКМК менен Аскер прокуратурасы биргеликте Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири И.А.нын жеке үйүнүн курулушуна өзүнө баш ийген келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерин системалуу

Ишкер Media