Кыргызстан боюнча 41 кошумча трансформатордук кубаттуулукту ишке киргизилди

Кыргызстан боюнча 41 кошумча трансформатордук кубаттуулукту ишке киргизилди

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсында трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча компаниянын көмөк чордондорунда көлөмдүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Алсак, республика боюнча 35-110-220 кВ жогорку чыңалуудагы 41 көмөк чордондо трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуусу 418,2 МВА түздү, анын ичинде:

• Бишкек - 264,7 МВА;

• Нарын облусу – 50,7 МВА;

• Ысык – Көл облусу – 49,7 МВА:

• Ош облусу – 33,8 МВА;

• Жалал-Абад облусу – 15 МВА;

• Чүй облусу - 2,8 МВА;

• Баткен облусу – 1,5 МВА.

Ал эми 6-10/0,4 кВ төмөнкү чыңалуудагы тармактарында 206 даана трансформатордук көмөк чордондор алмашылып, орнотуу иштери жүргүзүлдү, калган дагы 205 даана трансформатордук көмөк чордондорду үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягына чейин республика боюнча орнотуу пландалууда. Мындан тышкары, 6/10 кВ чыңалуу классындагы 98,71 жана 92,69 чакырым 0,4 кВ жаңы аба чубалгылары курулуп, 6/10 кВ узундугу 115,15 жана 95,89 чакырым 0,4 кВ аба чубалгылары реконструкцияланды.

Көрсөтүлгөн иштердин натыйжасында трансформаторлордун кубаттуулугу жогорулатылып, ашыкча жүктөөлөр азайып, жана жаңы абоненттерди сапаттуу чыңалуу менен камсыздап кошууга шарттар түзүлдү.

«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын филиалдарынын объектилерин мындай масштабдуу модернизациялоо жана техникалык жабдууларды жаңыртуу акыркы бир нече жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлүп жатат, бул мүмкүнчүлүк 2023-жылдын 1-майынан тартып электр энергиясынын тарифи көтөрүлгөндүгүнүн негизинде ишке ашты (77 тыйындан 1 сомго чейин).

Алдыда келе жаткан күз – кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн, компаниянын энергетиктери тарабынан пландалган оңдоо иштерин жетишерлик көлөмдө аткарылды. Бардык оңдоп – түзөө иштери график боюнча жүргүзүлүүдө жана акыркы этабына кирип жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын