Оштогу “Жапалак” унаа базары кеңейтилет – жанында кошумча базарлар пайда болот

Оштогу “Жапалак” унаа базары кеңейтилет – жанында кошумча базарлар пайда болот

“Жапалак” унаа базарынын айланасындагы 36 гектар жердин багыты коммерциялык максатка өзгөртүлүп, трансформацияланып, мамлекеттик актысы алынды. Бул тууралуу Оштун мэриясы билдирди.

Эми бул жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарттары менен жашылча мөмө-жемиштер жана унаа тетиктери базарын ачуу пландалууда. Муну менен катар унаа базардын да аймагы кеңейтилип, унаа токтоочу жайлар салынат.

Ошондой эле долбоорду ишке ашыруу менен бирге эле унаа тыгындарын жоюу жана болтурбоо максатында “Жапалак” унаа базарына чейин альтернативдик жаңы кошумча жолдорду ачуу боюнча сунушталып, пайдаланылбай турган, ачууга мүмкүн болгон жолдорду көрүп чыкты.

Кошумча жолдорду ачуу менен Ош-Араван жолундагы унаа тыгынынын алды алынып, маселе чечилет.

Калаа башчысы келерки жылы аталган аймакта болжолдонуп жаткан базарларды куруу, альтернативдүү жолдорду ачуу иштерин баштоо үчүн Ош шаардык архитектура жана жолдор башкармалыгына толук долбоорлоо иштерин даярдап бүтүрүү тапшырмасын койду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте курулуп жаткан жолдордун абалы текшерилди

Бишкекте курулуп жаткан жолдордун абалы текшерилди

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек көчмө жыйын өткөрүп, анын алкагында борбор калаанын жол инфраструктурасын куруу жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, шаардык мэрия үчүн транспорттук тармакты өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Жолдорду системалуу түрдө жаңылоо көчөлөрдөгү тыгындарды азайтып, шаар тургундарынын

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңыланган "Манас" сейил багын көрүп чыкты. Жалпы аянты 5,3 гектарды түзгөн мурдагы "Жеңиш" эл алуу багы 6 миллион долларлык инвестициянын негизинде толугу менен жаңыланды. Долбоордун алкагында сейил бакка 27

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты. Маалыматка ылайык, жаңы имарат министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана