Бишкекте курулуп жаткан жолдордун абалы текшерилди

Бишкекте курулуп жаткан жолдордун абалы текшерилди

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Атай Муратбек көчмө жыйын өткөрүп, анын алкагында борбор калаанын жол инфраструктурасын куруу жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрия үчүн транспорттук тармакты өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Жолдорду системалуу түрдө жаңылоо көчөлөрдөгү тыгындарды азайтып, шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуунун негизги фактору катары каралууда.

Алгач мэрдин орун басары Көк-Жар айылынан башталган узундугу 16 чакырымды түзгөн жаңы Чыгыш айланма унаа жолунун курулушун көрүп чыкты. Бул акы төлөнүүчү автомагистралды үстүбүздөгү жылдын декабрь айында пайдаланууга берүү пландалууда. Долбоор ишке ашкандан кийин шаардын чыгыш багытындагы транзиттик унаа агымы жеңилдеп, жол кыймылынын өткөрүмдүүлүгү жогорулайт.

Андан соң Атай Муратбек Иманалиев көчөсүндөгү оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн текшерди. Учурда жалпы узундугу 5 чакырым болгон көчөнүн 2 чакырымдык бөлүгүндө курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Оңдоо иштери аяктагандан кийин көчө эки тилкелүү болуп, жолдун туурасы 8 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарабында туурасы 1,5 метрден тротуарлар, ирригациялык система жана заманбап тышкы жарыктандыруу орнотулат.

Көчмө жыйын Муромская көчөсү Алыкулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн көрүү менен жыйынтыкталды. Бул тилкеде жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 14 метр, ал эми эки тарабындагы тротуарлардын туурасы 3 метрди түзөт. Талкуунун жыйынтыгында, Атай Муратбек подряддык уюмдун өкүлдөрү менен биргеликте аныкталган маселелерди чечүү үчүн шаардын профилдик кызматтарына ыкчам тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Венгриянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

30-сентябрда Будапеште Кыргызстандын элчиси Эрлан Абдылдаевдин Венгриянын президенти Андраш Балинт Бакага ишеним грамотсын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, салтанат Шандор сарайында өтүү. Жолугушуу учурунда элчи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жолдогон саламын айтты. Расмий бөлүктө баарлашуулар болуп, анда эки тараптуу мамилени өнүктүрүү, эки

Ишкер Media
Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда улгайган адамдардын саны 5 жылда 25% өстү

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдардын саны акыркы беш жылда 146 миңден ашуунга же 25%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата маалымдады. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2026-жылдын башына карата өлкөдө эмгекке жарамдуу курактан улуу 737 миң адам катталган. Бул жалпы калктын 10%

Ишкер Media
Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Ишкерлердин салыгы жана айып пулдар: Жогорку Кеңеште мыйзам долбоору талкууланды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков баяндама жасап, долбоор мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук жөнгө салуунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккандыгын билдирди. Долбоорду талкуулоо учурунда депутаттар ишкерлерге салыктык жүктү азайтуу, айып

Ишкер Media
Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

Бизнести өнүктүрүүгө 50 млн сомго чейин: BAKAI жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлерди каржылоо боюнча келишимге кол коюшту

BAKAI жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишкерлер үчүн каржылоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан келишимге кол коюшту. Программанын алкагында бизнес экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду ишке ашырууга, аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө жана тең мүмкүнчүлүктөрдү колдоого 500 миң сомдон 50 млн сомго чейин каржылоо ала алат. Келишимге Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Башкармасынын төрагасынын орун

Ишкер Media