Ошто үч мамлекеттик дарыкана ачылды

Ошто үч мамлекеттик дарыкана ачылды

Ош шаарындагы №8 үй-бүлөлүк медицина борборунда мамлекеттик дарыкананын ачылышы болду. Дарыканага “Эл аман” деп ат коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Дарыканада 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектертин түрү бар. Шаар тургундары дарыларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.

Мамлекеттик дарыканаларды ачуунун негизги максаты - калкты жеткиликтүү дары-дармек менен камсыз кылуу жана баа саясатын туруктуу кармоо болуп саналат.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев учурда Кыргызстанда дары-дармектин 700 түрү чыгарын, өлкө боюнча 34 завод иштеп жатканын маалымдады.

Мындан тышкары окуңуз

23-июнда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

23-июнда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

23-июнда саат 09:00дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Өчүрүү аймагы: Достоевский көчөсү - Анкара көчөсү - Ауэзов көчөсү - темир жол линиясы. Ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач жана Полиция шаарчасы

Манас шаарында 500 орундуу мектеп курулууда

Манас шаарында 500 орундуу мектеп курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык Курулуш министрлиги тарабынан Манас шаарында алты жаңы мектеп курулууда. Алардын бири – Манас муниципалдык аймагында жайгашкан 500 орундуу №13 мектеп.  Курулуш министрлигинин маалыматына таянсак, долбоорго ылайык, билим уясы беш блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп курулууда. Жалпы аянты 4215 чарчы метрди түзөт. Анда заманбап окуу класстары,

Кыргызстан менен Орусия ишкердик байланыштарды чыңдоону макулдашты

Кыргызстан менен Орусия ишкердик байланыштарды чыңдоону макулдашты

19-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Орусиянын Экспорттук борборунун өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Жолугушууда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, Кыргызстандын айыл чарба жана кайра иштетилген өндүрүмдөрүн тышкы базарга чыгаруу маселелерине көңүл бурулду. Мындан тышкары

Саркынды сууларды төккөн ишканага айып пул салынды

Саркынды сууларды төккөн ишканага айып пул салынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда айлана-чөйрөгө саркынды сууларды төккөн мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти. Маалыматка таянсак, Жаратылыш ресурстары министрлигине аталган райондогу Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Дачи в Норусе” коомдук бирикмесинин жана “Надежда” айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин жамааттык кайрылуусунун негизинде Экологиялык жана техникалык