Сосновкада жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды
![Сосновкада жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды](/content/images/size/w1200/2023/11/DSCF5056.jpg)
Бишкек-Ош унаа жолунун 81 км. бөлүгүндө (Төө-Ашуу, Сосновка) жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” МИ билдирди.
Такталгандай, «Кыргызавтожол» тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунда, аба-ырайынын шартына байланыштуу, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.