Бишкектин Октябрь районунда убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады – дареги

Бишкектин Октябрь районунда убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады – дареги

Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн 1-ноябрдан тарта баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Алар 2024-жылдын 1-апрелине чейин иштейт. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.

Туруктуу жашаган жери жок адамдарга арналган баш калкалоочу жай 12 кичи районунда, А.Токомбаев көчөсү, 1а жалпы аянты 330 м2, 82 орунга ылайыкталган.

Бул жерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, үч бөлмө акталып, сырдалып, электр монтаждоо иштери жүрүп, эшик-терезелери орнотулуп, чатыры жылууланды. Мындан тышкары, айлана-тегергегин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, бул жай жылытуу, борборлоштурулган жылытуу системасы аркылуу жылытып, ал эми казанды жылытуу үчүн көмүр жана отун бар. 80 кишиге төшөк жеткирилди.

Баш калкалоочу жайда: тамак-аш азыктарын сактоо үчүн эки камералуу муздаткычтар, плазмалык телевизор бар, бардык бөлмөлөрдө: аристон, кир жуугуч машина-автомат, кийим үчүн шкафтар, сенсордук электрондук плиткалар, электр чайнектер бар.

Убактылуу баш калкалоочу жайдын контингентине медициналык кызмат көрсөтүү үчүн №8 ҮМБнын медицина кызматкерлери бекитилген.

Бул категориядагы жарандардын өздүгүн аныктоо боюнча үзгүлтүксүз нөөмөт жана иштерди жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ИИБнин кызматкери бекитилди.

Социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн Октябрь району боюнча социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жооптуу адиси бекитилди.

Бул категориядагы адамдарга төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

·         бир жолку ысык тамак;

·         жуу, чач кыркуу (душ, аристондор орнотулган, электр устара ж.б. бар);

·         медициналык текшеруу;

·         баштапкы медициналык жардам көрсөтүү;

·         флюорография;

·         үй-бүлөнү бириктирүү боюнча иштер;

·         документтерди калыбына келтирүү;

·         иш менен камсыз кылуу.

Мындан тышкары окуңуз

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ички иштер министрлигинин жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү. Министрликтен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө курулуш объектилеринде эмгектенип жаткан чет элдик жарандарды каттоо, алардын мыйзам талаптарын сактоосу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды. Тараптар чет

Пекинде кыргыз-кытай парламенттик кызматташтыгы талкууланды

Пекинде кыргыз-кытай парламенттик кызматташтыгы талкууланды

22-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Болотбек Борбиев, Исманали Жороев, Алтынбек Кылычбаев жана Жайлообай Нышанов Пекин шаарында өткөн семинарга катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара "Кытай – Борбор Азия рухун өнүктүрүүдөгү мыйзам чыгаруу бийлигинин ролу" деген темада уюштурулуп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери катышкан.

Такси айдоочулары лицензияны эми онлайн ала алышат

Такси айдоочулары лицензияны эми онлайн ала алышат

КРнын Ички иштер министрлиги жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча санариптик система ишке киргизилгендигин маалымдады. Билдирүүгө караганда, эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарды онлайн тапшыра алышат. Лицензия алуу үчүн - "МБанк", "Элдик" жана "Түндүк" мобилдик тиркемелеринен идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп, керектүү

Ошто мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ошто мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Ош шаарындагы Ош көчөсүн оңдоп-түзөө иштеринин алкагында жолдун боюна тоскоолдук жараткан мыйзамсыз курулуштарды жана жеңил конструкциядагы объектилерди бузуу иштери жүрүүдө. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, ишкерлер жана жеке менчик ээлери шаардын көрктөндүрүү эрежелерин сактап, курулуштарды өз ыктыяры менен бузуп жатышат. Оңдоп-түзөөнүн максаты –жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, тыгынды азайтуу