Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт – даректер

Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт – даректер

Бишкекте 2023-жылдын 18-19-ноябрынан тарта айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жарманкенин максаты - атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.

Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат.

Жарманке өтүүчү жайлар:

·      Биринчи май району (Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин;

·      Октябрь району (Нуркамал Жетикашкаев-Айтиев-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 7:00дөн 19:00гө чейин чейин;

·      Свердлов району (Төрөкул Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин.

Мындан тышкары окуңуз

Жарандарга пенсия алуу үчүн документ чогултуу талаптары азаят

Жарандарга пенсия алуу үчүн документ чогултуу талаптары азаят

Социалдык фонд жаш курак жана майыптык боюнча пенсияларды дайындоо иштерин автоматташтырууга багытталган тутумду ишке киргизүүгө даярдык көрүп жатат. Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы система жарандардын эмгек тажрыйбасы, кирешеси жана тиешелүү маалыматтарды автоматтык түрдө топтоп, пенсиянын өлчөмүн эсептеп, аны тариздөөнү жеңилдетет. Мындан ары жарандар кошумча маалымкаттарды чогултуп убара болбойт. Жаңы тартипке ылайык,

Кара-Кечеге барчу жол жабылды

Кара-Кечеге барчу жол жабылды

Нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Дыйкан – Кара-Кече – Молдо-Ашуу унаа жолунда сел жүрдү. Бул тууралуу “Кыргызкөмүрдүн” басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, селдин кесепетинен жолдун 30 – 32-чакырымындагы көпүрө толугу менен жараксыз абалга келип, Кара-Кече кенине алып баруучу жолдо бардык автотранспорт каражаттарынын кыймылы толугу менен токтотулду. Ушуга байланыштуу бардык

Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунда таш кулаган тилке тазаланууда

Түндүк–Түштүк альтернативдик жолунда таш кулаган тилке тазаланууда

3-июлда эртең менен саат 09:00 чамасында Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 239–243-чакырым аралыгында тоо боорунан таш кулады. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, окуядан кийин кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, №24 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылды. Учурда жолду таштардан тазалоо иштери уланууда.

Таластын Арал айылында көчөттөр отургузулду

Таластын Арал айылында көчөттөр отургузулду

Талас районунун Арал айылында жашыл карагай менен ак кайыңдын көчөттөрү отургузулду. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, көчөттөрдүн аймагы мал-жандыктардан жана башка сырткы таасирлерден коргоо максатында толугу менен тосулду. Иш-чараны "Жашыл мурас" улуттук программасынын алкагында Талас регионалдык башкармалыгы аймактын экологиялык абалын жакшыртуу жана