Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектин Жунусалиев көчөсүндө жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында Жунусалиев көчөсүнүн Анкара көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки тилкесинде жашыл аймакты калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаардык мэриясынын малыматына ылайык, буга чейин аталган тилкеде мыйзамсыз уюштурулган унаа кирүүчү жолдор жана унаа токтотуучу жайлар аныкталган. Алар шаардык чөйрөнүн абалына терс таасирин тийгизип, жашыл көчөттөрдүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып келген.

Учурда “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасынын адистери аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдө.
Аталган иштерге эки атайын техника жана “Бишкек жашыл курулуш”муниципалдык ишканасынын он кызматкери тартылган.

“Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасы борбор калаанын жашыл аймактарын өнүктүрүү жана сактоо боюнча системалуу иштерди улантып, Бишкек шаарынын тургундары үчүн экологиялык жактан таза жана жашыл, ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашырууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

Бишкекте Борбордук Азиянын өнөр жайын өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт

2026-жылдын 5-ноябрында Бишкекте Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестиция тартуу маселелерине арналган Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча регионалдык форум өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Министрлер Кабинети жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюму (ЮНИДО) уюштурат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрилигинен кабарлашты. Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык

Ишкер Media
Токмок шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Токмок шаарында көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок шаарындагы көмүр сатуу объекттериндеги бааларга мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Кече жана Миң-Куш кендеринен казылып алынган көмүрдүн чекене баасы тоннасына 6 200–6 500 сомду түзөт. Ошондой эле Шубаркөл кенинен казылып

Ишкер Media
Караколдо ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Караколдо ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

30-сентябрда Каракол шаардык прокуратурасы ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара президенттин 2022-жылдын 7-декабрындагы №388 Жарлыгынын - "Ишкердик субъекттерине жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө" - талаптарын камсыз кылуу максатында уюштурулду. Негизги максат - ишкерлердин укуктарын коргоо, мыйзамсыз текшерүүлөрдүн алдын

Ишкер Media
Адылбек Касымалиев Минскде ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынына катышууда

Адылбек Касымалиев Минскде ЕАЭБ өкмөт башчыларынын жыйынына катышууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. Жыйынга Беларусь Республикасынын, Казакстандын, Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Кыргызстандын өкмөт башчылары жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты. Армениянын Премьер-министри жыйынга онлайн форматта кошулду. Жыйындын күн тартибинде

Ишкер Media