Боом капчыгайы таш көчкүдөн тазаланууда
Тынымсыз жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон таш көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка таянсак, учурда жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен жолду көчкүдөн тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Унаа кыймылын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн жол маал-маалы менен ачылып, транспорт каражаттары өткөрүлүүдө.
Министрлик айдоочулардан этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону жана кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн аткарууну суранат.