Кыргызстанда бош жумуш орундар жарманкеси өткөрүлдү
2023-жылдын 22-ноябрында Ош, Джалал-Абад, Кызыл-Кыя, Каракол, Нарын жана Талас шаарларында бош жумуш орундардын жана кесиптердин жарманкелери болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жарманке JIA бизнес-ассоциациясы менен биргеликте Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарада мамлекеттик жана жеке менчик ишканалар жарандарга 6 миңден ашуун бош орундарды сунушташты. Ага өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка тармактардан 190дон ашык ишканалар катышышты.
Бул иш-чаранын максаты - жумуш издөөчүлөрдү ийгиликтүү ишке орноштуруу жана бүтүрүүчүлөр үчүн кесип тандоо. Мындай иш-чаралар окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүн жана жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү максатында жыл сайын Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп келет.
Ошондой эле, 29-ноябрда, Бишкек шаарынын тургундары үчүн бош жумуш орундардын жарманкеси Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүлөт.