Соцфонд пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү тартиби тууралуу айтып берди

Соцфонд пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү тартиби тууралуу айтып берди

Пенсионерлер карылар жана майыптар үйүндө жашаган, түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан учурларда пенсионерлер же мекеменин администрациясы пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арызды зарыл болгон документтер менен бирге пенсиялык иштин жайгашкан жери боюнча Социалдык фонддун аймактык башкармалыгына берет. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы эскертти.

Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрү кайрылган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн баштап дайындалат.

Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиянын жаңы түрүн дайындоо пенсионердин арызынын жана пенсия дайындоо үчүн кайрадан берилген документтердин же пенсиялык иште болгон документтердин негизинде Социалдык фонддун башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат.

Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүдө пенсиялык иште болгон документтер боюнча пенсияга мурда жүргүзүлгөн бардык кайра эсептөөлөр сакталат, пенсионер тарабынан стажы жана эмгек акысы жөнүндө кошумча документтер берилгенде пенсия жаңы дайындоонун шарттарында эсептелет.

Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өткөн пенсионерлер кийин пенсиянын мурунку түрүнө өтүү тууралуу арыз менен кайрылса, анда мурунку өлчөмүндө калыбына келтирилет.

Социалдык фонддун органдары тарабынан “Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” КРнын мыйзамына ылайык пенсия дайындалган пенсионерлер дагы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамы боюнча пенсия өтүү жөнүндө зарыл болгон бардык документтер менен арыз менен кайрылууга укуктуу.

Мындан тышкары окуңуз

Аламүдүндө Р-7 каналынын 1,5 чакырымы бетон менен капталды

Аламүдүндө Р-7 каналынын 1,5 чакырымы бетон менен капталды

Аламүдүн районундагы Р-7 каналына бетон полотно төшөө иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, каналдын 1,5 чакырым аралыгына бетон полотно төшөлүп, жалпы аянты 13 675 чарчы метрди түздү. Натыйжада учурда канал аркылуу 2 700 гектар айыл чарба

Кыргызстан Өзбекстан жана Афганистан менен кызматташууну күчөтүүгө ниеттенүүдө

Кыргызстан Өзбекстан жана Афганистан менен кызматташууну күчөтүүгө ниеттенүүдө

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев "Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026" эл аралык экономикалык форумунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Форумдун жүрүшүндө ал Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык

Улуттук илимдер академиясына жаңы жетекчи тааныштырылды

Улуттук илимдер академиясына жаңы жетекчи тааныштырылды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Улуттук илимдер академиясынын жамаатына ведомствонун жаңы президенти Бекмамат Женбаевди тааныштырды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн маалымдады. Улан Маматканов Мамлекет башчысы тарабынан Улуттук илимдер академиясын өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Ал Улуттук илимдер академиясынын өлкөнүн маанилүү илимий борбору катары

Ноокаттагы Гүлистан айыл аймагынын жолдорун оңдоого 7,5 млн сом бөлүнөт

Ноокаттагы Гүлистан айыл аймагынын жолдорун оңдоого 7,5 млн сом бөлүнөт

Быйыл Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагындагы жолдорду оңдоого 7,5 миллион сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев эл менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, каражат райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнүп, айылдын жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. “Бул каражат тургундардын жашоо-шартын жакшыртып, ички жолдордун абалын оңдоого