Кыргызстан Өзбекстан жана Афганистан менен кызматташууну күчөтүүгө ниеттенүүдө

Кыргызстан Өзбекстан жана Афганистан менен кызматташууну күчөтүүгө ниеттенүүдө

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев "Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026" эл аралык экономикалык форумунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Форумдун жүрүшүндө ал Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Ошондой эле мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышы жана биргелешкен долбоорлордун жүрүшү каралды.

Данияр Амангельдиев Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси достук жана стратегиялык өнөктөштүк негизинде өнүгүп жатканын белгиледи.

“Региондор аралык кызматташтык биздин экономикалык байланыштарыбыздын негизги кыймылдаткычы болуп саналат. Макулдашуулар тиешелүү “жол карталарынын” алкагында ийгиликтүү ишке ашырылып жатат”, – деди ал.

Мындан тышкары, форум аянтчасында Данияр Амангельдиев Афганистандын жогорку билим берүү министри Неда Мохаммад Надим баштаган делегация менен дагы жолугушту.

Жолугушууда гуманитардык кызматташтык жана билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Афган тарап илим жана жогорку билим берүү жаатында тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуулардын соңунда кыргыз тарап өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн