“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы
Талас районунун Манас айылынын тургуну, 56 жаштагы ишкер Марс Ботиков өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка жана ишкерликке арнаган. Беш баланын атасы өз күчү менен фермердик чарбасын түптөп, асыл тукум малды көбөйтүп, сүт өндүрүшүн жолго коюп, келечекте сүттү кайра иштетүүчү завод ачууну пландап келет.
Бирок анын айтымында, бул пландарын ишке ашырууга тоскоол болуп жаткан бир маселе бар. Эки жылдан бери түйшөлткөн маселесин тиешелүү мамлекеттик органдарга, анын ичинде президентке да жеткирүүгө аракет кылганы менен андан майнап чыкпагандан кийин, Марс Ботиков “Ишкер медиага” арыз-арманын айтып кайрылды.
Марс мырза, сөз башынан болсун, алгач чарбаңыз тууралуу айтып берсеңиз. Мал чарбасына кантип келип калдыңыз?
Мен өмүр бою мал чарбасы, дыйканчылык жана ишкерлик менен алектенип келем. “Фермердик чарба түптөйбүз” деп жүрүп, акыры түптөп алдык. “Асыл тукум” статусуна ээ болгон чарбабыз. Асыл тукум уйларды “Чабрец” деген фирмадан алганбыз. “Голштин” тукумундагы 16 баш уй сатып алдык элек, бүгүнкү күндө алардын санын 100 башка жакындап калды. Голштин тукумундагы уйлар чоң болот жана сут менен этти көп берет.
Сүттүн баасы арзан болсо да, келечекте мээнетибиз акталаар, деп - үмүтүбүздү үзө элекпиз. Азыр сүттү - 35 сомдон өткөрүп жатабыз. Салыштыра келсек, жарым литр суунунун баасы да - 35 сомго бааланып жатпайбы. Ошого карабай жем-чөбүн берип, силос камдап, малдын башын сактап калууга аракет кылып жатабыз. Мисалы, бир уй бир күндө орточо 6 кг жем жейт. Булар талаага чыкпайт, дайыма колду карайт. Жем бербесек, сүт бербейт, этинен да ажырайт.
Мал чарбачылыгында 10 чакты жумушчубуз бар, ошолордун жардамы менен күн сайын жем, чөп жана суусун берип багып жатабыз. Күнүнө 300–400 литрге чейин сүт өткөрөбүз.
Келечекке кандай пландарыңыз бар?
Кудай буйруса, сүттү кайра иштеткен өзүнчө завод ачалы деген аракетибиз бар. Мындан сырткары сүт багытындагы асыл тукум чарбаны дагы өнүктүрөлү деп жатабыз. Азыр бизде Абердин-ангус боюнча статус бар, эми быйыл Абердин-ангустун заводуна өтөлү деп, пландаганбыз. Бул асыл тукум малдын түрү дагы этти-сүттү көп берет. Анын башын 100дөн ашырып, эт багытындагы статусту да алайын дегенбиз. Талап боюнча тийиштүү жабдууларды, муздаткычты алып, камдап койгонбуз. Эми чакан мал сое турган цех куруп алуу керек болуп жатат.
Келечекте жалпы Кыргызстанды болбосо да, таластыктарды арзан эт менен камсыздай алабыз – деген ишеним бар. Ошондуктан сүт арзан болсо деле көк беттенип, ошол уйлардын башын көбөйтүп, багып жатабыз.



Тоют маселеси кандай болуп жатат?
Мал чарбасында тоют деген, эң чоң маселенин бири. Малга менин керегим жок, малга тоют гана керек. Быйыл эле 4,5 млн сомго 1000 тонна силос сатып алып, кышкыга даярдап алдым. Андан сырткары, 15 гектар жерим бар эле, аны иштетип, тоют камдадык. Бирок бул дагы жетпей калышы мүмкүн. Жогоруда айтпадымбы, асыл тукум мал тоютту жакшы жейт жана ошончолук сүт менен этти берет.
Негизи биздин чарбада бардык шарттар бар, бирок мүмкүнчүлүк жетишпей жатат. Себеби иштегенге мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Алдыга ири пландарды коюп, жакшы ниет менен алга карай умтула баштасак, бут тосуулар болуп калат. Бизге, ишкерлерге - мамлекет акча бербей эле койсун. Жолтоо болбой, ишкерлерге колдоо көрсөтүп койсо болот эле го.
Жер маселеси эмнеден улам келип чыкты?
Менде 11 гектар жер бар эле. Аны 2023-жылы кызыл китеби менен ири суммага, болжол менен 30 млн сомго сатып алганмын. Бирок 2024-жылы “мыйзамсыз” деген негиз менен жерди мамлекет алып койгон. Ошол жер өз колумда болгондо, азыр тоютту өзүбүз ошол жерден даярдап алмакбыз, башкалардан сатып албайт элек да.
Өкүнүчтүүсү, “мыйзамдуу” деп эсептеп сатып алган жерибиз мамлекетке өткөнү менен, кайра эле башка фермерлерге ижарага берилип иштетилип жатат. Ошондон улам, калыстык кайда?- деген суроо жаралат экен.
Бул талаш маселени чечүү үчүн кайда кайрылдыңыз эле?
Бул маселени чечип берүүнү сурап кайда гана кайрылбадым. Кат жазып, президенттин өзүнө кайрылдым, премьер-министрге да кайрылдым. Бирок жооп боло элек. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына президент Таласка келет дегенде, “балким жолугуп, маселемди айтып калам” деп кыялдангам. Бирок жолуга алган жокмун. Каттар дарегине жеткен-жетпегенин билбейм. Айтор, биздин үнүбүз өлкө башчыга жетпейт экен - деп ойлоп калдым. Мен ишкер катары көп сүйлөгөн адам эмесмин, унчукпай гана ишти аткарам жана бирөөдүн акысына кирбейм.
Эгер ошол 11 гектар жериңиз болгондо, эмне кылмаксыз?
Ошол жердин өзү эле биз үчүн зор мүмкүнчүлүк болмок. Тоютубузду өзүбүз даярдап, чыгымды азайтмакпыз. Мен бул чарбаны дагы өнүктүрөт болчум. Колумдан баары келет, дүнүйөм жетет, акылым жетет, шартым бар, бирок мүмкүнчүлүгүм жок.
Президенттин саясатын кош колдоп колдойм. Ал киши азыр чындап эле жакшы иштерди жасап жатат. Мамлекет бизди такыр эле колдобой койгон жок. Пайызы төмөн, жеңилдетилген кредиттер берилип жатат, аны танбайм. Бирок баары бир дыйканга жер керек.



Сиздин негизги киреше булагыңыз кайсы жактан келет?
Кирешемдин басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы жана дыйканчылыктан түшөт. Мындан сырткары чакан бизнес менен алектенем, соода-сатык кылам. Бирок соода-сатык кылып, ишкерликти өнүктүрөйүн десем, бул жактан да маселе чыгып жатат.
Мен иштетип жаткан дүкөндүн имараты мурда “дом быта” болгон эле. Аны да кызыл китеби менен талаптагыдай, сатып алгам. “Эгер керек болсо, ордуна бала бакча салып берейин, бирок талашпай эле койгулачы”, деп - президенттин өкүлүнө да айткам. Ошого карабай, Жогорку Сотко чейин барып талашып жатышты. Азырынча тийишпей, тынч алып калышты. Эмне себеп болгонун өзүм да билбейм. Балким, президенттин сөзү буларга жеткендир, деп ойлойм.
Мал чарбасын дагы кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк барбы?
Албетте бар. Сырттан мал алып келип, асыл тукум чарбаны көбөйтөйүн дегем. Бирок ага да уруксат берилбей жатат. Алыс барбай эле Казакстандан мал алып келип, асыл тукумду көбөйтүүгө шартым бар. Бүт документтер даяр. Бирок, кайра эле мүмкүнчүлүк жок.
Менин президентке узатайын деген суроом да ушул болчу: мал чарбачылыгы менен алектенейин десең - жериңди алып коюшса, ишкерлик кылайын десең - имаратыңды талашса, анда бизге эмне кылууга уруксат? – деп сурайт элем.

Эгерде бул маселе боюнча тигил же бул мекемедеги экинчи тараптын бизге бере турган жообу бар болсо, “Ишкер медиа” аны да чагылдырууга даяр.