Ошто мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш күчөтүлөт – шаардык мэриясы

Ошто мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш күчөтүлөт – шаардык мэриясы

Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов мыйзамсыз жана жаңыдан курулуп жаткан курулуштарды мыйзам талаасына келтирүү боюнча күч түзүмдөрүнүн жана көзөмөл органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Калаа башчысы Ош шаарынын жаңыдан дайындалган башкы архитектору Азамат Каныбек уулу менен тааныштырды.

«Шаардагы мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөшүү, аларды иретке келтирүү, өзүм билемдике жол бербөө жергиликтүү бийликтин, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын негизги жумуштарынын бири. Бул жаатта бардык тиешелүү кызматтар курулуш тармагында мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн өз ара тыгыз кызматташууну күчөтүп, макулдашылган тартипте иштөөсү зарыл. Ош шаарынын мэриясы бул багыттагы маселелерди чечүүгө жана көмөктөшүүгө ар дайым даяр”,- деди Бакытбек Жетигенов.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Кыргызстанда жарандык авиация өлкөнүн транспорттук жана социалдык инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Жыл сайын 7- октябрда Жарандык авиация күнү белгиленет. Бүгүн Улуттук статистика комитети аталган тармактын майрамын утурлай, алардын ишин цифралар менен чагылдырып берди. Билдирүүгө карата бүгүнкү күндө “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынын курамында 11 аэропорт бар. Анын ичинен 6сы эл аралык,

Ишкер Media
18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү

18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү

Өлкөгө уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлуп, алынган товардын баасы 18 миллион сомдой экенин Бишкек ШИИББден кабарлашты. Маалыматка ылайык, чет мамлекеттик каттоо белгилери бар Toyota Land Cruiser унаасы токтотулуп, андагы түйүнчөктөр менен кутулар текшерилген.  Билдирүүгө караганда, унаадан жалпы 358 даана уюлдук телефон, анын ичинен 249 даана iPhone, 109

Ишкер Media
“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы

“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы

Талас районунун Манас айылынын тургуну, 56 жаштагы ишкер Марс Ботиков өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка жана ишкерликке арнаган. Беш баланын атасы өз күчү менен фермердик чарбасын түптөп, асыл тукум малды көбөйтүп, сүт өндүрүшүн жолго коюп, келечекте сүттү кайра иштетүүчү завод ачууну пландап келет. Бирок анын айтымында, бул пландарын ишке

Ишкер Media
Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ошто окуучулар үчүн акысыз автобустар ишке кирди

Ош шаарында мектептен алыс жашаган окуучулар үчүн алгачкы атайын балдар автобустары каттамга чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Бүгүн шаар мэри Жанарбек Акаев окуучулар менен бирге автобуста жүрүп, анын шарттары менен таанышты. Мэрдин айтымында, автобуска 28 окуучу батат. Азырынча тестирлөө үчүн 2 автобус иштеп жатат. Жакынкы айларда дагы

Ишкер Media