Кадамжайда жаңы оорукана курулду

Кадамжайда жаңы оорукана курулду

Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имаратынын курулушу дээрлик аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Курулуш үчүн жалпы 58 млн сом республикалык бюджеттен каржыланды.

Аталган ооруканага үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат. Алар азырынча Үч-Коргон жалпы дарыгерлер практикалык борборунун эскилиги жеткен имаратында жайгашып турат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жыйында белгиленгендей, бул маселе Министрлер Кабинетинин туруктуу күн тартибинде турат: күйүүчү май рыногун көзөмөлдөө боюнча иштер бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде тийиштүү мекемелердин жана бизнес-коомчулуктун

Кадамжайдын 7 айылы таза суу менен камсыз болот

Кадамжайдын 7 айылы таза суу менен камсыз болот

Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 7 айылы таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Дүйнөлүк Банктын ортосундагы макулдашууларга ылайык, аталган банктын каржылоосу менен, “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында, Кыргызстандын

Нарында 122 млн сомго мектеп, бала бакча оңдолууда

Нарында 122 млн сомго мектеп, бала бакча оңдолууда

Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектеп 106 миллион сомго жана "Ынтымак" бала бакчасы 16 миллион сомго республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын мэринин орун басары Элмира Турганбаева аталган билим берүү мекемелерин оңдоо иштеринен кабар алып,

Кыргызстан менен ЮНИСЕФ социалдык кызматтарды жакшыртууга көңүл бурат

Кыргызстан менен ЮНИСЕФ социалдык кызматтарды жакшыртууга көңүл бурат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолугушту. Жолугушууда Улан Маматканов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү социалдык саясат, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытында ишке ашырып жаткан долбоорлорго жогору баа берди. Ал өлкөдө үй-бүлөнү колдоо, зомбулуктун алдын алуу, социалдык кызматтарды