Самаркандек айылында жаңы оорукананын имараты ачылды
Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын имараты ачылды.
Социалдык маселелерди чечүү үчүн президенттин фондунан 97.5 млн сом каралган.
Аталган медициналык мекеме 75 орунга ылайыкташтырылган. Учурда оорукананын курулушу толугу менен бүткөрүлүп, эмеректер менен жабдылган.