“Орто-Сай” базарын тейлеген салыкчы кармалды

“Орто-Сай” базарын тейлеген салыкчы кармалды

Бишкектин Октябрь району боюнча Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып “Орто Сай” базарынын соодагерлеринен акча каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз өндүрүп жүргөн факттар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Бишкектин Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча жүктөлгөн функционалдык милдеттерине карабастан, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, жеке баюу максатында “Орто-Сай” базарынын соодагерлеринен мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенип, аны менен ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзгөнү такталды.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин мындай аракеттери базардагы соодагерлердин нааразычылыгын жаратып, жалпысынан жүргүзүлүп жаткан салык реформасына, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүүгө терс таасирин тийгизүүдө.

2023-жылдын 13-декабрында козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде Мамлекеттик салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги Абсамат Масалиев көчөсү жабылат

Бишкектеги Абсамат Масалиев көчөсү жабылат

Бишкек шаарында жөө өтмөк куруу иштерине байланыштуу Абсамат Масалиев көчөсү этап-этабы менен 10–15 күнгө убактылуу жабылат. Октябрь райондук админстрациясынын маалыматына ылайык, аталган тилкеде жөө өтмөк салуу боюнча курулуш-монтаж иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу жол кыймылы убактылуу чектелип, унаалар үчүн көчө этап-этабы менен жабылат. Шаардык мэрия, Бишкек шаарынын

Насыя алгандардын саны 12,4%га көбөйдү

Насыя алгандардын саны 12,4%га көбөйдү

Кыргызстандын банк тармагында жыл башынан бери негизги финансылык көрсөткүчтөр өсүп жатат. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 30-апрелге карата өлкөдө 24 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иш алып барууда. Маалыматка ылайык, акыркы төрт айда банктардын жалпы активдери 28,6% көбөйүп, 1 триллион 558 миллиард сомго жеткен. Ошондой эле кардарларга берилген

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен долбоорлорду талкуулашты

Кыргызстан менен Кытай биргелешкен долбоорлорду талкуулашты

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарында Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Дин Сюэсян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн лидерлери жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу жана саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташууну мындан ары

Жетим-Тоону иштетиш үчүн 9 млрд доллар талап кылынат

Жетим-Тоону иштетиш үчүн 9 млрд доллар талап кылынат

Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургундары менен болгон жолугушууда президент Садыр Жапаров мамлекет Жетим-Тоо темир кенин өз күчү менен иштетүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Президент мамлекет Жетим-Тоону Кумтөр сыяктуу эле 100% өз алдынча иштетүүнү пландап жатканын белгиледи. Бирок бул долбоор абдан чоң каржылык салымдарды талап кылат. “Ал жерде сөзсүз