Россиялык инвестордун мүлкүн тартып алган кылмышкерлер кармалды

Россиялык инвестордун мүлкүн тартып алган кылмышкерлер кармалды

Россиялык инвестордун мүлкүн тартып алган кылмышкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

2018-жылы Россиянын жараны Р.Д.А. «Айсео» ЖЧКсы (иш жүзүндөгү ээлери Кыргыз Республикасынын жарандары О.Б.А. жана А.К.Т.) менен стратегиялык өнөктөштүк келишиминин алкагында, 14 млн АКШ долларынан ашык инвестиция тартып, Ысык-Көлдө коттедждик шаарчаны курууга жумшаган.

Бирок, Ысык-Көл районунун Корумду айылында коттедждик шаарча курулгандан кийин Р.Д.А., О.Б.А. жана А.К.Т. К.Асанбектин кылмыштуу байланышынан пайдаланып, күч колдонуп, зомбулук көрсөтүү менен коркутуп, инвестордун мүлкүн жана акча каражаттарын ээлеп алып, аны Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө мажбурлашкан.

Учурда «Айсео» ЖЧКсынын ээлери О.Б.А., А.К.Т жана башкы бухгалтер А.Н.К. кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул иш боюнча керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Блогерлер жана электрондук соода менен алектенгендердин салык төлөө тартиби кандай?

Блогерлер жана электрондук соода менен алектенгендердин салык төлөө тартиби кандай?

Акыркы учурда блогерлер жана социалдык тармактар аркылуу ишмердүүлүк жүргүзгөндөрдүн салык төлөөсү тууралуу коомчулукта көптөгөн талкуулар жүрүп жатат. Кызуу талкуунун жаралышына Президенттин 2026-жылдын 11-июнундагы жарлыгына ылайык, блогерлерди, стартаптарды жана креативдүү индустрия өкүлдөрүн беш жылга салыктан бошотуу сунушу түрткү болгон.   Буга байланыштуу жарандардын ар кандай пикирлерине жооп издеп, “Ишкер медиа”

Манаста коомдук иштерге катышкан 46 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

Манаста коомдук иштерге катышкан 46 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

Манас шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жумушсуздук боюнча каттоодо турган 46 үй-бүлөгө азык-түлүктөр берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ар бир үй-бүлөгө 6 мүшөктөн ун жана 30 литрден өсүмдүк майы тапшырылды. Жардам жарандардын аткарган эмгегине жараша берилген. Тактап айтканда, Курманбек жана М. Конгантиев

Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Өлкөнү күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрүлдү

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо маселеси боюнча кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жыйында белгиленгендей, бул маселе Министрлер Кабинетинин туруктуу күн тартибинде турат: күйүүчү май рыногун көзөмөлдөө боюнча иштер бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде тийиштүү мекемелердин жана бизнес-коомчулуктун

Кадамжайдын 7 айылы таза суу менен камсыз болот

Кадамжайдын 7 айылы таза суу менен камсыз болот

Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын 7 айылы таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Дүйнөлүк Банктын ортосундагы макулдашууларга ылайык, аталган банктын каржылоосу менен, “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында, Кыргызстандын