Соцфонд топтомо пенсияны алуунун жолдору тууралуу айтып берди

Соцфонд топтомо пенсияны алуунун жолдору тууралуу айтып берди

Кыргызстандын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Соцфонд айтып берди.

 1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү:

“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алган жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.

2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда:

Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.

3. Мураскорлор:

Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.

4. Аскер кызматкерлерине төлөө:

Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка  жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.

5. Ипотекалык насыялоо:

Ипотекалык насыя алган же алып жаткан жана «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар, ошондой эле алардын жубайлары, алардын өз үйү бар болсо дагы пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.

6. Жумушсуздук:

Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

7. Оор ооруларды дарылоо:

Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат. (оор оорулардын тизмесине ылайык шилтеме: https://www.instagram.com/p/Czs7j-PsF93/?img_index=1).

01.01.2024-жылга карата Статистика:

Пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны-195 669 адам (3200,3 млн. сом суммасында), анын ичинде:

 - Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөө - 175,829 адам (307,15 млн. сом);

- Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөө - 3 793 адам -177,1 млн. сом);

- Каза болгон адамдардын мураскорлоруна төлөө-10 089 адам - 249,6 млн. сом);

- Аскер кызматчыларына төлөө - 835 адам (6,8 млн.сом);

- Ипотека боюнча баштапкы төгүм - 348 адам (69,0 млн.сом.);

- Ипотекалык насыяга төлөө - 4 289 адам (813,4 млн.сом.);

- Турак жайды ижарага алуу (“МИК” ААК каржылайт) - 58 адам (6,2 млн. сом);

- Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган - 157 адам (2,5 млн.сом.);

- Оор оорулар - 271 адам (39,0 млн. сом).

Биз пенсиялык топтоо каражаттарын ар тараптуу пайдаланууга, ар кандай шартта жана кырдаалда жарандарга колдоо көрсөтүүгө умтулабыз.

Токтомго шилтеме: https://cbd.minjust.gov.kg/93993

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн бир күндө 3100 метр тор чыгарылды

29-октябрда Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы 3100 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, көлдү тазалоо иштеринин жүрүшүндө алгач 2500 метр эски тор жана 40 килограмм таштанды чыгарылган. Мындан тышкары, Жаркымбаев, Өрүктү жана Чоң Өрүктү айылдарынын аймагында браконьерликке

Ишкер Media
Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүйдө аңчылык эрежесин бузгандарга 25 миң сом айып салынды

Чүй облусунда рейд учурунда аңчылык эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, текшерүүдө төмөнкүлөр катталган: уруксат кагазында көрсөтүлгөн аймактан тышкары аңчылык кылган;аңчылык итке күбөлүк болгон эмес;караңгыда аңчылык жүргүзүлгөн. Мыйзам бузуулар боюнча 2 протокол түзүлүп, жалпы 25 000 сом айып салынды. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча

Ишкер Media
Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

Ала-Арчада дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө курулат

29-октябрда Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ала-Арча" паркына барып, европалык компания өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, жолугушууда узундугу 732 метр болгон айнек асма көпүрөнүн долбоору талкууланды. Курулуш 2026-жылдын ноябрында башталып, 2027-жылдын аягында бүтмөкчү. Ишке ашса, дүйнөдөгү

Ишкер Media
Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду. 68 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Жуманазарова чечүүчү финалдык кармашта кытайлык спортчу Жиа Лонгго 3:4 эсебинде жеңилип, мелдеште экинчи орунду камсыздады. Кыргыз балбаны финалга чейинки таймаштарда Индия, АКШ жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңип чыккан.

Ишкер Media