Ноокат районунда көмүр баалары туруктуу

Ноокат районунда көмүр баалары туруктуу

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан 2024-жылдын 18-январында Ноокат районунун аймагында көмүр сатуучуларга көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли белгиленгендиги жөнүндөгү буйрук менен тааныштырып, буйруктун аткарылышы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө, Ноокат районунун аймагында көмүрдүн максималдуу деңгээли электен өткөнү 1кг 7,4 сомдон, эленбеген түрү 1 тоннасы 6500 сомдон белгиленгени жөнүндө маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Андан сырткары, сатуучуларга белгиленген баадан ашык сатпоо боюнча эскертилди. Бүгүнкү күндө көмүр белгиленген баада сатылып жатат, таңкыстык жок.

Белгилей кетсек, Ноокат районунун аймагында 5 сомдон социалдык көмүр сатылып жаткандыгы аныкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

1-июлда президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Малик Бектургановго башкы прокурордун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы дайындалган жетекчини Башкы прокуратуранын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиев тааныштырды. Тааныштыруу учурунда А.Касымалиев, М. Бектургановдун укук коргоо органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгек жолуна токтолуп,

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

1-июлда Экономика жана коммерция министрлигинде Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, коммерциялык банктардын жана ата мекендик фармацевтикалык ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Экономика министрлиги билдиргендей, жолугушууда Министрлер кабинети 23-июнда №472-т тескемеси менен бекиткен "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү" долбоорун

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын оруп-жыюу өнөктүгүн өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө багытталган даярдык иштери улантылууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларын оңдоо жана сезонго даярдоо иштери дыйкан-фермер чарбаларынын жана айыл чарба субъекттеринин механизаторлору тарабынан активдүү

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда мыйзам бузуу катталып, 1 млн сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти текшерүүдө курулуш иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан