Чек арада мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер аныкталды – баасы 50 млн сомду түздү

Чек арада мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер аныкталды – баасы 50 млн сомду түздү

УКМК тарабынан Салык кызматынын башкармалыгынын жардамы менен 2024-жылдын 18-январында «Ак-Тилек-унажолу» чек ара тилкесинде жүк ташуучу документтери ишенимсиз «Вольво» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Кармалган унаада айыл чарба буюмдарына жамынып, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана КРнын салык органдарында каттоого турууга тиешелүү документтери жок, баасы 50 миллион сомдон ашык 450 ящиктен турган кымбат баалуу дары-дармектердин ири партиясы табылган.

Учурда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн фактыга башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом

Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом

Кыргызстанда фермерлерден чийки сүттү сатып алуунун орточо баасы аймактарга жараша 32–50 сомду түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди. ЖКтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйында депутаттар сүттүн сатып алуу баасын жөнгө

Ишкер Media
Ош аэропортунан курамында тыюу салынган продукциянын өтүшүнө бөгөт коюлду

Ош аэропортунан курамында тыюу салынган продукциянын өтүшүнө бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарында жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган курамында никотин бар продукцияны алып кирүү аракетин аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аэропорттун текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда алдын ала баасы 1 млн 200 миң сомдон ашкан, курамында никотини бар чайноочу аралашма түрүндөгү (снюс)

Ишкер Media
Ош шаарынын күнүндө төрөлгөн ымыркайларга белек берилди

Ош шаарынын күнүндө төрөлгөн ымыркайларга белек берилди

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин демилгеси менен 5-октябрь - Шаар күнүндө төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү бокстар тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, мэр өзү даярдаган белектерди төрөтканага барып, энелерге тапшырып, балдардын абалынан кабар алды. Ош шаардык төрөт стационарында 5-октябрда 38 бөбөк жарык дүйнөгө келген. Жанар Акаев бул

Ишкер Media
ЖК комитети жашы жете электердин чет өлкөлөргө чыгуусун жөнгө салуучу мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети жашы жете электердин чет өлкөлөргө чыгуусун жөнгө салуучу мыйзам долбоорун жактырды

ЖК комитети 6-октябрда жашы жете электердин чет өлкөлөргө чыгуусун жөнгө салуучу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети тарабынан кабыл алынды. Юстиция министрлигинин орун басары Кубан Казаков билдиргендей айрым мыйзам чыгаруу

Ишкер Media