2023-жылы Чүй облусунда 60 социальдык объект курулган

2023-жылы Чүй облусунда 60 социальдык объект курулган

2023-жылы облуста 60 социалдык объекттер республикалык, жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен 1 млрд 196 млн сомго курулуп, ишке берилген. Бул тууралуу облустагы президенттин өкүлчүлүгү билдирди.

Такталгандай, алардын ичинде 7 бала бакча, 1 маданият мекемеси, 13 мектеп, 7 саламаттык сактоо, 27 спорт объекттери жана 2 социалдык шаарча менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 3 окуу борбору курулган. 8 мамлекеттик дарыкана ачылып, медицина тармагына 15 автоунаа, анын ичинен 10 тез жардам, 5 кызматтык автоунаасы берилди.

Ал эми 2024-жылга карата социалдык тармака болгон муктаждыктарды жоюу боюнча 78 объектинин 36 объекттисинде  куруу иштери жүрүп, калган 42 объект боюнча куруу иштери башталаары мерчемделүүдө.

Андан сырткары социалдык тармактагы курулушка болгон муктаждыктан улам 254  объекти курулуусу керектелет.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаңдагы кластер үчүн “Ала-Тоо Резорт” 35 миллион сомдук тендер жарыялады

Жыргалаңдагы кластер үчүн “Ала-Тоо Резорт” 35 миллион сомдук тендер жарыялады

Ысык-Көлдүн Жыргалаң айылындагы төрт мезгилдүү кластер үчүн атайын техника жана материалдык-техникалык каражаттарды сатып алууга "Ала-Тоо Резорт" акционердик коому тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк департаменти билдирди. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин маалыматына ылайык, жалпы суммасы 35,4 миллион сом. Товарлар 20-ноябрдан кечиктирилбей жеткирилиши керек. Департаменттин

Ишкер Media
РФдагы кыргыз жарандарынын төлөнбөй келген эмгек акылары төлөнүп берилди

РФдагы кыргыз жарандарынын төлөнбөй келген эмгек акылары төлөнүп берилди

КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин РФдагы Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын 10 жаранынан “УМК” ЖЧКсы тарабынан эмгек акынын төлөнбөй жаткандыгы боюнча жамааттык кайрылуу келип түшкөн. Бул боюнча Өкүлчүлүк тийиштүү иш жүргүзүп, түзүлгөн кырдаалды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу боюнча иш берүүчү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эмгек министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жана

Ишкер Media
Кара тумоо дарты кайдан жугат, кантип алдын алса болот?

Кара тумоо дарты кайдан жугат, кантип алдын алса болот?

Дүйнөдөгү эң оор оорулардын бири бул - кара тумоо (чума). Учурунда андан миллиондогон адамдар көз жумган. Дартты кара тумоо таякчасынын бактериялары козгойт. Бул тууралуу Республикалык карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиологу Кубанычбек Бектурдиев билдирди. Ишкер Медиа - аталган оору кайдан кантип жугары, оору белгилери жана сактануу жолдору тууралуу адистин билдирүүсүнүн негизинде

Ишкер Media
Чүйдө мыйзамсыз балык уулоо үчүн 36 миң сом айып салынды

Чүйдө мыйзамсыз балык уулоо үчүн 36 миң сом айып салынды

Чүй облусунда рейд учурунда балык уулоо эрежелерин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, текшерүүдө тыюу салынган синтетикалык торлор жана электр жабдыктары менен балык уулагандар аныкталган. Рейдде узундугу 500 метр болгон синтетикалык торлор, электр кармагыч алынды. 4 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпы 36 000 сом

Ишкер Media