Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө кантип өтүүгө болот – нускама

Пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө кантип өтүүгө болот – нускама

Пенсия дайындоо жөнүндө арыз пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон бардык документтер менен чогуу берилет. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы эскертти.

Пенсия дайындоо, кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн документтерди кабыл алууда пенсия дайындоочу орган арыздын жазылышынын тууралыгын; арыз берүүчүнүн ким экендигинин күбөлөндүргөн документтен алынып киргизилген маалыматтардын ылайык келишин текшерет; документтердин көчүрмөлөрүн түп-нускалары менен салыштырат; арызды ошол эле күнү катар номерин жана арыз кабыл алынган датаны көрсөтүү менен каттоо журналында каттайт жана документтердин алынгандыгы жөнүндө тил кат берет, анда арыз алынган дата, жетпеген документтердин тизмеси жана аларды берүү мөөнөттөрү көрсөтүлөт.

Пенсия дайындоо же пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндө арыз ушул арыз кабыл алынган күндөн тартып же болбосо жетишпеген документтер берилген күнден тартып 15 күндүн ичинде каралат. Аталган арызды канааттандыруудан баш тартылган учурда, пенсия дайындаган орган тиешелүү чечим чыгарылгандан кийин беш күндөн кечиктирбестен бул тууралуу баш тартуунун себебин жана даттануунун тартибин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө кабарлайт жана ошол эле мезгилде арыз берүүчүгө документтерди кайтарып берет.

Пенсионердин пенсияны кайра эсептөө жөнүндө арызы бардык зарыл документтер менен чогуу арыз кабыл алынган күндөн тартып беш күндүн ичинде каралат. Пенсияны кайра эсептөөдөн баш тартылган учурда пенсия дайындаган орган тиешелүү чечим чыгарылгандан кийин беш күндөн кечиктирбестен бул тууралуу арыз берүүчүгө баш тартуунун себебин жана даттануунун тартибин көрсөтүү менен кабарлайт жана ошол эле мезгилде арыз берүүчүгө документтерди кайтарып берет.

Документтер текшерилип жана көчүрмөлөрү менен салыштырылгандан кийин документтердин түп-нускалары (паспорт, нике тууралуу күбөлүк, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, диплом жана башкалар) арыз берүүчүгө кайтарылып берилет, ал эми эмгек китепчеси ага пенсия дайындалгандан кийин кайтарылат. Мында эмгек китепчесине Социалдык фонддун бөлүмүнүн пенсия дайындалгандыгы (пенсиянын түрүн жана дайындалган датасын көрсөтүү менен) жөнүндө штампы коюлууга тийиш.

Арыз берүүчүгө пенсиялык күбөлүк пенсия дайындоо жөнүндө чечим чыгарылгандан кийин Социалдык фонддун аймактык бөлүмү тарабынан берилет. Пенсиянын өлчөмү жана дайындалган датасы пенсиялык күбөлүктө тиешелүү жазуу менен ырасталат жана мөөр басылат.

Ишканадан пенсия алуучу адамдарга (№ 2 тизме боюнча, текстиль өндүрүшүнүн кызматкерлерине жана эмгектин өзгөчө шарттары үчүн пенсия алучуларга) пенсиялык күбөлүк жеңилдик берүүчү пенсия дайындалган ишкананын администрациясынын маалымкатынын негизинде пенсионер жашаган жердеги Социалдык фонддун аймактык бөлүмү тарабынан берилет.

Пенсиянын кайра эсептелгенден кийинки өлчөмү кайра эсептөөнүн датасын көрсөтүү менен пенсионер Социалдык фонддун аймактык бөлүмүнө кайрылганда пенсиялык күбөлүккө киргизилет.

Пенсия дайындалгандан кийин бир айдын ичинде Социалдык фонддун аймактык органы пенсия алуучуга пенсия дайындалгандыгы жөнүндө протоколду таанышууга берет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде 20-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 20-октябрда суу өчүрүлөт

20-октябрда саат 09:00дөн 20:30га чейин "Ала-Тоо-1" жана "Ала-Тоо-2" конуштарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда профилактикалык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Суу турак үйлөргө, мектептерге, бала

Ишкер Media
Кыргызстанда кырсыктан кийин калыбына келтирүү системасы бааланды

Кыргызстанда кырсыктан кийин калыбына келтирүү системасы бааланды

Финансы министрлигинде өлкөнүн өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүгө даярдыгын баалоо боюнча миссия өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, эки күндүк миссия Азия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Азия-Тынч океан аймагын кырсыктардан кийин туруктуу калыбына келтирүүгө даярдоону жогорулатуу" техникалык жардам долбоорунун алкагында уюштурулду.

Ишкер Media
Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү

Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү

Бишкекте "Жаштык аренада" "EXPO Евразия Кыргызстан 2026" жана "Кыргызстан EXPO 2026" эл аралык көргөзмөлөрү башталды. Иш-чара 15-17-октябрда өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Көргөзмөгө Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышып, Кыргызстандын өнөр жайы оң динамика көрсөтүп жатканын билдирди. Анын айтымында,

Ишкер Media
Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган. Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык

Ишкер Media