Бишкектин мэриясы 600 таштанды контейнерлерин сатып алды

Бишкектин мэриясы 600 таштанды контейнерлерин сатып алды

«Тазалык» муниципалдык ишканасы таштанды үчүн 400 пластик жана 200 темир контейнер сатып алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Борбор калаанын сырткы көрүнүшүн жана таштанды чыгаруунун сапатын жакшыртуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан контейнерлердин санын көбөйтүү милдети коюлган.

2023-жылы 530 контейнер сатылып алынган. Контейнерлер шаардыктардын катуу тиричилик калдыктары үчүн гана эмес, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн да орнотулууда. Туура эмес жерлерде таштанды чыгаруу учурлары чарбакер субъекттер тарабынан болуп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте Лев Толстой көчөсү эки этап менен оңдолот

Бишкекте Лев Толстой көчөсү эки этап менен оңдолот

Бишкек шаарында 18-апрелден тарта Лев Толстой көчөсүндө реабилитация иштери башталат. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, оңдоо иштери эки этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этапта Термечиков көчөсүнөн Кривоносов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот. Экинчи этапта Кривоносов көчөсүнөн Т. Фрунзе көчөсүнө чейинки тилке убактылуу жабылат. Жол иштерине байланыштуу коомдук транспорттун айрым каттамдарынын кыймыл схемасы өзгөртүлөт. Тактап

Б.Төрөбаев: Өлкө боюнча 200 инвестициялык долбоор даярдалат

Б.Төрөбаев: Өлкө боюнча 200 инвестициялык долбоор даярдалат

Күн мурун Жалал-Абад облусунда Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда инвестициялык долбоорлорду түзүүгө арналган жыйын өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйынга Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги жана Чаткал, Ала-Бука, Токтогул райондорунун акимдери катышты. Жолугушуунун негизги максаты – аймактардагы артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктоо, инвестициялык

Парижде кыргыз-француз кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

Парижде кыргыз-француз кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

Париж шаарындагы жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Франциянын сенаторлору жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуу “Франция — Борбор Азия” достук тобунун сенаторлору менен өткөрүлүп, анда эки өлкөнүн кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды. Тараптар парламенттер аралык байланыштарды жана

Президент согуш ардагерлерине 200 миң сомдон жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду

Президент согуш ардагерлерине 200 миң сомдон жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, согуш ардагерлеринин айрым категорияларына 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку жардам берилет. Бул максатта Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан жалпысынан 4 млн 848 миң сом бөлүнөт. Каражат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция