Ата-энесинен ажыраган 6 балага жер тилкеси бөлүнүп берилди
Жалал-Абад облусунун Аксы жана Чаткал райондорунда ата-энесинен ажыраган 6 балага жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, жер тилкелери балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында берилген.
Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан 2025–2026-жылдары жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында ата-энесинен ажыраган балдарга жалпы 19 батир жана 32 жер тилкеси алынган.