Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган эки жаран экстрадицияланды

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган эки жаран экстрадицияланды

КРнын Башкы прокуратурасынын Грузиянын компетенттүү органдары менен кызматташуусунун негизинде ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эки жаран КРна экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын бири - Т.К. аттуу жаран расмий документтерди жасалмалоо жолу менен Көк-Жар айылындагы аянты 27,9 га жер тилкесине укук белгилөөчү документтердин дубликаттарын алып, андан соң аны үчүнчү жактарга мыйзамсыз сатып жиберген.

Экинчи жаран - Н.Т. жасалма документтерди колдонуу менен автоунааны мыйзамсыз ээлеп, кийин үчүнчү жактарга сатып жиберип, жабырлануучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталууда.

Экстрадицияланган жарандар ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Грузиядан Кыргызстанга жеткирилип, тергөө абагына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жабырлануучулардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдардын жазык жоопкерчилигинен кутулуп кетүүсүнө жол бербөөгө багытталган иштерди ырааттуу жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Каржы министрлиги жана ЕРӨБ "Камбар-Ата-1" ГЭСин каржылоону талкуулады

Каржы министрлиги жана ЕРӨБ "Камбар-Ата-1" ГЭСин каржылоону талкуулады

5-октябрда каржы министри Руслан Сүйналиев Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия жана Монголия боюнча башкаруучу директору Хусейн Озхан жана Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча ЕРӨБдүн аймактык директору Нодира Мансурова менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Маалыматка карганда, жолугушуунун жүрүшүндө ЕРӨБдүн долбоорлорду ишке ашыруу, кызматташтыкты кеңейтүү, "

Ишкер Media
Улуттук банк мыйзам бузган бюронун ишин токтотту

Улуттук банк мыйзам бузган бюронун ишин токтотту

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын талаптарын бузгандыгы үчүн "Гимэкс" ЖЧКнын алмашуу бюросунун иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, бюро Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129-үй, 11-кеңсе дарегинде жайгашкан. 2026-жылдын 6-апрелинде берилген №7218 лицензиясынын аракети 2026-жылдын 6-октябрынан 15-октябрына чейин

Ишкер Media
Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде суу убактылуу өчүрүлөт

7-октябрда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Чүй проспектиси - Ибраимов - Фрунзе - Осмонкул көчөлөрү. Бул аймактагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, ооруканаларда жана башка социалдык, өнөр жай объектилеринде суу

Ишкер Media
Ата-энесинен ажыраган 6 балага жер тилкеси бөлүнүп берилди

Ата-энесинен ажыраган 6 балага жер тилкеси бөлүнүп берилди

Жалал-Абад облусунун Аксы жана Чаткал райондорунда ата-энесинен ажыраган 6 балага жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, жер тилкелери балдардын мүлктүк укуктарын коргоо боюнча прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында берилген. Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан 2025–2026-жылдары

Ишкер Media