Өлкөнүн ашууларында чектөөлөр жок – Транспорт министрлиги

Өлкөнүн ашууларында чектөөлөр жок – Транспорт министрлиги

2024-жылдын 25 январына карата өлкөнүн ашууларында чектөөлөр жок. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

Такталгандай, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн ачык. №9 ЖТИ тарабынан дежурство бар.

Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда күн бүркөк, каттам ачык, чектөөлөр жок. №23 ЖТИ кызматкерлери тарабынан дежурство бар.

Бишкек-Ош унаа жолунун Көк-Бел ашуусунда күн бүркөк. Каттам ачык. №30 ЖТИ тарабынан дежурство бар.

Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок, каттам ачык. №36 ЖТИ тарабынан дежурство бар.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон жана Кызыл-Бел ашууларында ала-булут. Унаа жол ачык, №41 ЖТИ тарабынан дежурство бар.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Кубакы ашуусунда күн ачык. Каттам ачык. №955 ЖТИ тарабынан дежурство бар.

Ысык-Көл облусунун Чоң-Ашуу ашуусунда күн ачык. Учурда ашуу ачык, каттам бар.

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (72-208 км) Сөөк ашуусунда күн бүркөк, шамал, каттам ачык. №3 ЖТИ тарабынан дежурство бар.

Ош облусунун Чыйырчык, Талдык, Тоң-Мурун, Кызыл-Арт ашууларында күн бүркөк, кар жаап жатат. №960 ЖТИ тарабынан дежурство бар.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

1-июлда президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Малик Бектургановго башкы прокурордун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы дайындалган жетекчини Башкы прокуратуранын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиев тааныштырды. Тааныштыруу учурунда А.Касымалиев, М. Бектургановдун укук коргоо органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгек жолуна токтолуп,

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

1-июлда Экономика жана коммерция министрлигинде Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, коммерциялык банктардын жана ата мекендик фармацевтикалык ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Экономика министрлиги билдиргендей, жолугушууда Министрлер кабинети 23-июнда №472-т тескемеси менен бекиткен "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү" долбоорун

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын оруп-жыюу өнөктүгүн өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө багытталган даярдык иштери улантылууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларын оңдоо жана сезонго даярдоо иштери дыйкан-фермер чарбаларынын жана айыл чарба субъекттеринин механизаторлору тарабынан активдүү

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда мыйзам бузуу катталып, 1 млн сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти текшерүүдө курулуш иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан