Депутаттар Омсктагы кыргызстандыктар менен жолугушту

Депутаттар Омсктагы кыргызстандыктар менен жолугушту

Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Маткеримов менен Марлен Маматалиев Омсктагы жашаган мекендештер, ошондой эле жогорку окуу жайларда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү да катышты.

Баарлашуу маалында депутаттар иш сапарынын максаты жана анын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу кеңири маалымат беришти. Айрыкча, Кыргызстан менен Россия мамлекети билим берүү тармагы боюнча жигердүү кызматташып жатканы белгиленип, алдыда дагы көп пландар бар экени айтылды.

Тагыраагы, Омск шаарындагы медициналык жогорку окуу жайларда кыргызстандыктар үчүн квоталарды көбөйтүү маселеси талкууланганын айткан депутаттар иш сапарынын алкагында тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнүн маалымдашты.

Жыйын суроо-жооп иретинде уланып, мекендештер тарабынан бир катар маселелер көтөрүлдү. Анын ичинен Бишкек-Омск аба каттамын ачуу, окууну бүтүп баргандарды жумуш менен камсыздоо, спорттук мелдештерде ийгилик жараткандарга колдоо көрсөтүү өңдүү маселелерге токтолушту.

Депутаттар аталган маселелердин ар бири боюнча керектүү иштерди алып барышарын билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Коомдук транспортто накталай төлөмдөн баш тартуу мыйзамга каршы келбейби?

Коомдук транспортто накталай төлөмдөн баш тартуу мыйзамга каршы келбейби?

КРнын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек шаарындагы коомдук транспортто накталай төлөмдөрдү толугу менен жоюу демилгеси боюнча өз позициясын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, мындай демилге өлкөнүн мыйзам талаптарына каршы келиши мүмкүн. Анткени КРнын аймагында расмий мыйзамдуу төлөм каражаты катары накталай жана накталай эмес сом бирдей колдонулат. Экөө тең товарлар жана

Аскар Акаев:  Садыр Жапаровго “кыргыз экономикалык кереметин” улантууга убакыт берилиши керек

Аскар Акаев:  Садыр Жапаровго “кыргыз экономикалык кереметин” улантууга убакыт берилиши керек

Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстандагы "экономикалык кереметин" улантуу үчүн азыркы президент Садыр Жапаровду кыргыз эли дагы колдошу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 19-июнда Ысык-Көл форумунда билдирди. Ал Садыр Жапаровду эл кыйын кырдаалда шайлаганын, бүгүнкү күнү экономика өсүшкө түшкөнүн, социалдык тармактарда да жашоо жакшырганы көрүнүп турганын

Төрага 45ке жакын жаранды кабыл алды

Төрага 45ке жакын жаранды кабыл алды

19-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жарандарды кабыл алып, элдин көйгөйлөрүн жана сунуштарын укту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кезектеги кабыл алууга 45ке жакын адам жазылган. Жолугушуу 2 саатка созулуп, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жарандар жеке жана коомдук мүнөздөгү ар кыл маселелерди көтөрүшкөн. Анын

Канттагы таштанды жайдан өрт чыкты

Канттагы таштанды жайдан өрт чыкты

Интернет булактарына жарыяланган маалыматка карата чара көрүлдү. 18-июнда бир катар маалымат агенттиктеринде Чүй облусунун Кант шаарындагы таштанды талаасында өрт чыгып, кооптуу жагдайды жаратып жаткандыгы боюнча маалымат тараган.  Жаратылыш ресурстары министрилигинин маалыматына ылайык, аталган факты боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй аймактык башкармалыгынын тескөөчүлөрү тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Анын