Оштун «Жапалак» унаа базарынын тегерегинде базарлар менен логистикалык борборлор ачылат

Оштун «Жапалак» унаа базарынын тегерегинде базарлар менен логистикалык борборлор ачылат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун жетекчилиги астында бир катар мекеме ишканалардын жетекчилери административдик-аймактык реформанын алкагында Төлөйкөн айыл өкмөтүндө жана Жапалак айыл аймагында кошумча жолдорду ачууга мүмкүн болгон аймактарды жеринен көрүп чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Бул кошумча жолдорду ачуу менен, «Жапалак» унаа базарына кеткен жол тыгынынын алды алынып, маселе толугу менен чечилет. 

Белгилей кетсек, кошумча жолдорду ачуу үч этапта ишке ашат, тагыраак айтканда Б.Осмонов көчөсүнөн Бирлешкен айылына чейин, Б. Осмонов көчөсүнөн Амир-Тимур көчөсүнө чейин жана Бирлешкен айылынан Жапалак айыл аймагынын Гүлбаар-Төлөйкөн айылына чейин болот.

Калаа башчысы аталган аймакта курула турган альтернативдик жолдорду ачуу жумуштарын баштоо, долборлоо иштерин даярдап бүтүрүү талабын тиешелүү кызматтарга койду.

Кошумчалай кетсек, буга чейин «Жапалак» унаа базарынын айланасындагы 36 гектар жер трансформацияланып, мамлекеттик актысы алынган. Аталган жерге бардык талаптарга жооп берген, заманбап шарттары менен жашылча мөмө-жемиштер жана унаа тетиктери базарын жана логистикалык борборду ачуу болжолдонууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Министр Балыкчы–Жалал-Абад жолунун курулуш иштерин көзөмөлдөдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Балыкчы–Жалал-Абад унаа жолунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин көзөмөлдөдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапарынын алкагында министр кооптуу тилкелерде курулуп жаткан тирөөч дубалдардын, селден жана тоо көчкүлөрүнөн коргоочу галереялардын, ошондой эле үч жерде салынып жаткан жол тейлөө пункттарынын курулушунун жүрүшүн

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Кыргызстанда 246 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъектти аялдар жетектейт

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Аялдар форумунда өлкө экономикасындагы чакан жана орто бизнестин ордун белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнес Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 51,7%ын түзөт. Ошондой эле 823 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттин 246 миңден ашыгын