Бишкек ЖЭБги авариялык абалдын кесепеттерин Энергетика министрлиги иликтейт

Бишкек ЖЭБги авариялык абалдын кесепеттерин Энергетика министрлиги иликтейт

2024-жылдын 2-февралында, таңкы саат 03:00 чамасында Бишкек ш. ЖЭБдеги катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана  авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алынып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө.

Түнкү кезекте турган 3 кызматкер жаракат алышып, ооруканада. Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет.

Бирок, шаардын жылуулук режимин сактоо максатында, ысык суу берүүдө чектөө киргизилип, мектеп жана бала-бакчалар онлайн окууга өткөрүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө санитардык-гигиеналык продукцияларды чыгаруучу ишкана ачылды

Чүйдө санитардык-гигиеналык продукцияларды чыгаруучу ишкана ачылды

Чүй облусунда Бренд КГ тарабынан ишке ашырылган балдар памперстерин жана санитардык-гигиеналык продукцияларды чыгаруучу өндүрүш ишканасынын ачылышы болду. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Акунбеков, Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары М.Койчуманов катышты. Бул долбоор балдар памперстерин жана санитардык-гигиеналык продукцияларды чыгарган өлкөдөгү алгачкы ата мекендик өндүрүш

Республикада жазгы талаачылык иштерине даярдык 89% түздү

Республикада жазгы талаачылык иштерине даярдык 89% түздү

Республиканын аймактарында быйылкы жазгы-талаа иштерине кызуу даярдык жүрүүдө. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өз убагында жана сапаттуу айдоо-себүү иштерин жүргүзүү максатында техникаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери активдүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Бүгүнкү күндө республика боюнча 97 миңден ашык айыл чарба техникасы катталган. Алардын ичинде 22 303 трактор, 11

Жыргалаңда асма аркан жолдун курулушу аяктады

Жыргалаңда асма аркан жолдун курулушу аяктады

Жыргалаңда асма аркан жолдорунун курулушу аяктады. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКнын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Маалыматка караганда, асма аркан жолдорунун иши тесттик режимде иштеди. Ошондой эле унаа жолдорду куруу, Боз-Учук – Жыргалаң жолуна асфальт төшөө, электр энергиясы менен камсыздоо, инженердик жана тейлөөчү инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду ишке

Курулуш компанияларына коопсуздук талаптары милдеттендирилди

Курулуш компанияларына коопсуздук талаптары милдеттендирилди

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, жыйындын жүрүшүндө курулуш тармагындагы артыкчылыктуу багыттар жана тармактагы талаптарды сактоо маселелери кеңири талкууланды. Оор курулуш техникаларынын унаа жолдоруна тийгизген таасирин жөнгө салуу, курулуш объекттеринде техникалык коопсуздук