Үч миң жаш кыргызстандык инновациялык чаралар аркылуу иш менен камсыз болот

Үч миң жаш кыргызстандык инновациялык чаралар аркылуу иш менен камсыз болот
Photo by Mike Dudin / Unsplash

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл жумушсуз жаштарды иш менен камсыз кылуунун жаңы механизмин киргизет. Бул тууралуу Министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жаштардын стажировкасы жаңы механизм болуп, анда аларга жашоо минимумунун өлчөмүндө эмгек акы төлөнөт.

Практика жүзүндө кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөөгө, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө, адистердин насаатчылыгы астында турмуштук көндүмдөргө ээ болууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, зарыл болгон учурда алгачкы этапта жумушсуз жаш жарандар эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер боюнча кыска мөөнөттүү кесиптик окуулардан өтө алышат жана окуу учурунда стипендия төлөнөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 100 окуу жайда суроо-талапка ээ болгон 125 кесип боюнча кыска мөөнөттүү окутуу уюштурулган. Өткөн жылдардын тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, кесиптик окуу жайларын аяктагандардын 68%ке чейини жумуш менен камсыз болгон.

Иш менен камсыз кылуу боюнча жаңы чара Дүйнөлүк банктын «Социалдык камсыздоо жана эмгек рыногунун программаларын чыңдоо» долбоорунун алкагында жаштардын көндүмдөрүн өнүктүрүү жана ишке орноштуруу максатында ишке ашырылат.

Read more

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт тармагына 41.5 млн сом жумшады

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2016-жылдан бери Талас облусунда дене тарбия жана спортту колдоого багытталган 98 долбоор үчүн 41.5 млн сом жумшаса, акыркы бир жыл аралыгында 8.7 млн сом каражат жумшалып 12 долбоор ишке ашкан. Бул тууралуу «Альянс Алтын» тоо кен ишканасы билдирди. Алардын бири, 2024-жылдын 24-июлунда «Альянс Алтын»

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» Олимпиадага бара турган Талас облусунан чыккан спортчуларга колдоо көрсөттү

«Альянс Алтын» компаниясы Талас облусунан чыккан 2024-жылы Париждеги Олимпиада оюндары менен Дүйнө чемпионатына бара турган Кыргызстандын курамасынын мүчөлөрүнө колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Чоң мелдешке жолдомо алган спортчуларга 100 миң сомдон акчалай сыйлык жана спорттук кийим тапшырылды. Олимп оюндарына жолдомо алган Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Үзүр

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

«Альянс Алтын» май айында бюджетке рекорддук суммадагы салык төлөдү

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 18.6 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын май айында 927.4 млн сом төлөнүп, бул акыркы үч жыл ичиндеги айларга салыштырмалуу эң чоң салык төлөмү болду. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин компания «Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды

«Алтын тамга» артыкчылык аттестат ээлерине «Альянс Алтын» ноутбук тапшырды

«Альянс Алтын», 30-майда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен облус аймагында «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттына ээ болгон окуучулар сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун жетекчиси Баатыр Качкынбаевдин