ЖЭБде абал туруктуу – өкмөт

ЖЭБде абал туруктуу – өкмөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Белгиленгендей, абал туруктуу, жабдуулар штаттык режимде иштеп жатат. Учурда 9 казан агрегаты жана 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун температурасы 60-65 градуска жакын.

Энергетика министрлигинин маалымат боюнча, Бишкекке Россиядан адистер келип, алар ата мекендик энергетиктер менен биргеликте ЖЭБти реконструкциялоо, оңдоо иштерин, объектини узак мөөнөткө долбоорлоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашууда.  

Министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштерин тездетүү жана күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Мындай жагдайлардын кайталанышына жол берүүгө болбойт. Бакыт Төрөбаев башында турган мамлекеттик комиссия окуянын ыктымал себептерин иликтейт. Ошол эле учурда имараттардын ичинде, зарыл болгон учурда эскертүүчү жана көзөмөлдөөчү тиешелүү датчиктерди орнотуу зарылчылыгын карап көрүү керек», - деди ал.

Президенттик администрацияда өткөн аппараттык жыйында Акылбек Жапаров адистер жарым-жартылай модернизациялоо, бүтүндөй ЖЭБ системасын модернизациялоо, же объектти толук жаңылоо варианттарын изилдей турганын белгиледи. Анын айтымында, мындан тышкары,  аймактардагы отканаларды модернизациялоо зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде 20-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 20-октябрда суу өчүрүлөт

20-октябрда саат 09:00дөн 20:30га чейин "Ала-Тоо-1" жана "Ала-Тоо-2" конуштарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда профилактикалык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Суу турак үйлөргө, мектептерге, бала

Ишкер Media
Кыргызстанда кырсыктан кийин калыбына келтирүү системасы бааланды

Кыргызстанда кырсыктан кийин калыбына келтирүү системасы бааланды

Финансы министрлигинде өлкөнүн өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүгө даярдыгын баалоо боюнча миссия өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, эки күндүк миссия Азия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Азия-Тынч океан аймагын кырсыктардан кийин туруктуу калыбына келтирүүгө даярдоону жогорулатуу" техникалык жардам долбоорунун алкагында уюштурулду.

Ишкер Media
Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү

Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү

Бишкекте "Жаштык аренада" "EXPO Евразия Кыргызстан 2026" жана "Кыргызстан EXPO 2026" эл аралык көргөзмөлөрү башталды. Иш-чара 15-17-октябрда өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Көргөзмөгө Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышып, Кыргызстандын өнөр жайы оң динамика көрсөтүп жатканын билдирди. Анын айтымында,

Ишкер Media
Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган. Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык

Ишкер Media