«Манас» аэропортунда заманбап техникалар алынды

«Манас» аэропортунда заманбап техникалар алынды

МЭА» ААКтын туунду компаниясы «Манас Менеджмент Компаниясы» ЖАКу компаниясы электр жүк көтөргүч, электр трактор жана эки дизелдик трактор сатып алды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, баардык атайын техникалар компаниянын өздүк каражатына сатып алынды.

«Аба жүктөрүн ыкчам иштетүү жана тейлөөнү жакшыртуу үчүн жаңы заманбап жабдууларды алдык. Ошондой эле, 2023-жылы компаниянын жеке каражатына VIP залда жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн эки жүк ташуучу лента жана Toyota Hiace үлгүсүндөгү кичиавтобус сатылып алынды», - деди «ММК» ЖАК башкы директору Улан Барктабасов.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда бирдиктүү кызмат көрсөтүү борбору курулууда

Кадамжайда бирдиктүү кызмат көрсөтүү борбору курулууда

Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында бирдиктүү кызмат көрсөтүү борборунун курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Баткен олблусун 2021-2035 жылдарга өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылып жатат. Курулушка республикалык бюджеттен жыл сайын бөлүнүүчү 500 млн сомдун эсебинен 100 млн сом,

Кыргызстан биринчи жолу "Росатомдун" алдындагы Эл аралык жаштар кеңешине мүчө болду

Кыргызстан биринчи жолу "Росатомдун" алдындагы Эл аралык жаштар кеңешине мүчө болду

Кыргыз Республикасынын студенттер Ассоциациясынын президенти Бектан Кыдыев "Росатомдун" жетекчисинин консультативдик кеңешинин 13 мүчөсүнүн бири, Борбордук Азия аймактарынын өкүлү болуп калды.  "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун жетекчилигинин астында түзүлгөн Эл аралык жаштар кеңешинин Impact Team 2050 экинчи курамынын инагурациясы Обнинск шаарында (Россия Федерациясында) өттү. Иш-чара IV

"Келечек" кепилдиги: жарандар 1,3 млрд сомдон ашык ипотекалык насыя алышты

"Келечек" кепилдиги: жарандар 1,3 млрд сомдон ашык ипотекалык насыя алышты

"Кепилдик фонд" ААКнын "Келечек" кепилдик программасынын негизинде 267 үй-бүлө өз турак жайына ээ болду. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. 30-июнга карата берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 334,3 млн сомду түзүп, жарандар банктардан 1 млрд 352,5 млн сомдон ашык ипотекалык насыя ала алышкан. Берилген

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 22 млрд 680 млн сомго жетет

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 22 млрд 680 млн сомго жетет

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 22,68 миллиард сомго чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын билдирүүсүндө маалымдалды. Маалыматка ылайык, банктын уставдык капиталына 1,5 гектар аянттагы жер тилкеси акчалай эмес салым катары киргизилет. Аталган мүлктүн бааланган наркы 266,15 миллион сомду түзөт. Капиталды көбөйтүү үчүн банк кошумча 266 миң