Баткенде медакадемиянын курулушу улантууда

Баткенде медакадемиянын курулушу улантууда

Баткендин мэри Имамназар Бурканов шаардын Чет-Булак аймагында курулушу жүрүп жаткан Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу шаардын мэриямы билдирди.

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо комплексинин бюджетинин эсебинен каржылана турган долбоордун болжолдуу баасы – 603.5 млн сом. Жатакананын курулушуна сырткы инвесторлор тарабынан дээрлик 93 млн сом бөлүнгөн, мындан сырткары, 100 млн сомго акыркы үлгүдөгү аппараттар менен камсыздалат. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 70% бүкөрүлүп, ушул жылдын июль айына пайдаланууга берилет.

Ошондой эле илимге, билимге суусаган баткендик жаштарга билим уясы болуп берсин, жергиликтүү элге медициналык тейлөө жеткиликтүү болсун,  аймактын социалдык-экономикалык абалын, инфрастуктурасын өнүктүрүүгө болгон аракет катары Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 1.25 га жер аянты бөлүп берилген.

Курулушу жүрүп жаткан медакедмия эки корпустан турат. Экинчи имарат жатакана болот, анын да курулушу 70% бүткөрүлгөн. Жатакана жеке ишкер тарабынан демөөрчүлүккө алынган. Бюджети 92 млн сом болуп, ичиндеги эмеректеринен бери орнотулуп,  пайдаланууга берилет.

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын