Орто-Токой суу сактагычына 1.2 млн даана чабактар кое берилди

Орто-Токой суу сактагычына 1.2 млн даана чабактар кое берилди

Балык чарба департаментинин «Тоң балык заводу» мамлекеттик ишканасы Орто-Токой суу сактагычына 1 млн 200 миң даана жашоого жарамдуу сига-лудога балыгынын чабактары кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Балыктандыруу КР УИА БИ Ихтиология жана гидробиология лабораториясы, Жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөлдүн аймактык бөлүмү,  Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, Департамент ж.б. өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия тарабынан жүргүзүлдү.

Бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Баштапкы салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калган. Улуттук илимдер академиясынын изилдөөсүндө суу сактагычта балыктар жакшы өсө тургандыгы аныкталган.

Мындан тышкары окуңуз

8- октябрда Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

8- октябрда Бишкектин айрым аймактарында убактылуу суу өчүрүлөт

2026-жылдын 8-октябрында саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына караганда, өчүрүүлүүчү райондорго төмөнкулөр кирету:  -        Ч. Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси – Ала-Арча

Ишкер Media
Жылдын мыкты мугалими: батирдин ачкычы жана 500 миң сомдук байгенин ээлери

Жылдын мыкты мугалими: батирдин ачкычы жана 500 миң сомдук байгенин ээлери

Бүгүн, “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, анын алкагында “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” жана “Балдарга кошумча билим берүү уюмунун мыкты педагогу” республикалык кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Төраганын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин

Ишкер Media
Казанда КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлору жолугушту

Казанда КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлору жолугушту

Орусиянын Казань шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин башкы аскер прокурорлорунун жолугушуулары өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалымдалгандай, жыйын КМШ башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жана ШКУ башкы прокурорлорунун жыйындарынын алкагында уюштурулду. Кыргызстандын атынан Башкы прокурордун орун басары - Аскер прокурор Кубанычбек Байдылдаев катышты. Жолугушуунун негизги темасы - чек ара коопсуздугун прокурордук көзөмөл

Ишкер Media
Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Ош шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Бүгүн Ош шаарында "Клиника Ош" медициналык борбору ачылды. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү жана Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун тең төрагасы катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мэр бул борбордун ачылышы шаар үчүн маанилүү кадам экенин белгилеп, фондго ыраазычылык билдирди. "Бул долбоор Кыргызстан

Ишкер Media