Ат-Башыда айыл өкмөтүнүн кызматкери пара менен кармалды

Ат-Башыда айыл өкмөтүнүн кызматкери пара менен кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. 2020-2022-жылдар аралыгында «Мухали инвест» ЖЧК аффилирленген фирмасы аркылуу мыйзамсыз катышып, жалпы суммасы 14 млн сомго жакын 152 тендерди утуп алгандыгы аныкталган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Автоматташтырылган маалымат тутумунда катталган тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында Т.А. текшерүүнү токтотуу максатында кызмат адамына пара бергендиги үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча түшүндүрмөгө карабастан, КР УКМК кызматкерине бир нече жолу акча сунуштаган.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 25-мартында КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ат-Башы А/Өнүн жооптуу катчысы 90 миң сом жана 500 доллары өлчөмүндө акча каражатын которуп жаткан жеринен кармалды.

Учурда мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө ушул сыяктуу коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын